Түркмөнстанда ардагер журналист, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы кабарчысы Солтан Ачилованын ооруканага күчтөп жаткырылышын жакындары жана укук коргоочулар анын Швейцарияга баруусуна кайрадан тоскоолдук жаратуу катары баалап жатышат.
Радионун түркмөн кызматы жазгандай, ал эл аралык уюм ыйгарган сыйлыгын алыш үчүн Женевага бармак. Бирок 20-ноябрда үйүнө доктурдай кийинген төрт эркек киши барып, жугуштуу ооруга чалдыккан болушу ыктымал экенин, тез арада текшерилиши керектигин айтып, эч кандай сыркоосу жоктугун билдиргенине карабастан ооруканага алып кетишкен.
75 жаштагы Ачилова Түркмөнстандын авторитардык өкмөтүн ачык сындаган жалгыз жергиликтүү журналист. Буга чейин да ар кандай куугунтукка, кол салууга жана коркутуп-үркүтүүгө кабылган кабарчы азыр ооруканада, качан чыгары белгисиз.
Туура бир жыл мурда Швейцарияга адам укуктары боюнча Мартин Энналс сыйлыгын алуу үчүн бараткан Ачилованын паспортун Ашхабад аэропортунун кызматкерлери жок кылып салышкан.
"Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders - RSF) уюмунун дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Борбор Азиядагы эң жабык өлкө катары белгилүү Түркмөнстан төмөнкү орундарды ээлейт. Көз каранды эмес журналистика деген түшүнүк дээрлик жок бул өлкөдө кабарчынын ролу бийликти мактап туруу менен гана чектелет.
Бир катар эле аралык укук коргоо уюмдары Ачилованын тез арада бошотулушун талап кылып жатышат. (RK)