22-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 5…7°, күндүз 11…13° жылуу болот.