Орусиянын курамындагы Чеченстанда саясий туткун, оппозиционер үч ага-ининин апасы Зарема Мусаевага каршы жаңы кылмыш иши козголду. Ал "абактын кызматкерине кол салган", "абактагы тартипти бузган" деп шектелүүдө.
Бул айып менен, "Кыйноолорго каршы команда" уюмунун маалыматына караганда, активисттердин апасын беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратышы мүмкүн.
55 жаштагы Мусаева Аргун шаарындагы жатак абакта кармалууда. Ал "полиция кызматкерине кол салган" деп кармалып, кийин "алдамчылык кылган" деген да айып тагылган. Абак мөөнөтү 2025-жылдын март айына чейин деп чегерилген. Ал кант диабетинин инсулинден көз каранды түрү менен ооруйт. Абалы начарлагандыктан үйгө коё берүүнү бир нече жолу өтүнгөн.
Мусаеванын үч уулу — Ибрагим, Абубакар жана Байсангур Янгулбаевдер Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындаган деп айыпталган. Азыр алар чет жакта жашашат. Кадыров бул үй-бүлөнү жазалайм деп коркуткан.
"Мемориал" укук коргоо уюму Мусаеваны саясий туткун деп тааныган. (RK)