Бишкектин Биринчи май райондук соту “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароого киришти. Прокурор айыптоо актысын окуп, аны “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп айыптады. Ишкер муну четке какты. Соттон кийин апасы уулу абакта кыйноо көргөнүн билдирди.