ЕККУнун Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугуна арналган регионалдык жыйыны Алматыда аяктады. Анда чөлкөмдө иштеп жаткан кабарчылардын абалы, статусу, аял журналисттердин ишине тоскоолдуктар, жалпы интернет коопсуздугу маселелери көтөрүлдү. Жыйынга катышкан кесиптешибиз Венера Сагындык кызы ЕККУнун Маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейру менен маектешти.