Мы в Telegram
Добавить новость

Журналист Кушанашвили назвал Никиту Кологривого одаренным парнем

В Москве произошел конфликт со стрельбой

В Подольске рабочие активными темпами ремонтируют ямы на дорогах

В Дубне общественники проверили работу отдела по вопросам миграции



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Азыркы бийлик дагы Максимге, Елисеевге, Наделге, Ширшовдорго жан тартып…» «Ачык саясат», 17.06.11

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: — Азимбек Анаркулович, эл сизди коррупция менен он жылдап күрөшүп келе жаткан киши катары...

The post «Азыркы бийлик дагы Максимге, Елисеевге, Наделге, Ширшовдорго жан тартып…» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ:

— Азимбек Анаркулович, эл сизди коррупция менен он жылдап күрөшүп келе жаткан киши катары тааныйт. Эки революциянын башкы талаптарынын бири да коррупцияга каршы күрөш болгон, бирок жыйынтыгы негедир көрүнбөйт да?
— 2005-жылдын март революциясынан кийин дароо эле мыйзамсыз менчикке берилген жүздөгөн объектилер боюнча Акаевдин жакындарына, айрым чиновниктерге кылмыш иштери козголгон. Мисалы, «Кум-Төр», Акаевдер четке чыгарып кеткен эки тоннага жакын алтын боюнча, «КЦЩК», «Шампанвинкомбинат», «Кайыңды сахар», Кыргызпотребсоюздун объектилери, бажыдагы махинация ж.б. Бир нече объектилер кайтарылган, мисалы, «Аалам сервис», «Нооруз» лыжа базасы, КЦЩКнын 13,7 пайыз акциясы, көл жээгиндеги айрым пансионаттар. Айрым чиновниктер «кустурулуп», миллиондогон акчалар өлкө казынасына кайтарылган. Азыр так баары эсимде жок, мен Башкы прокурордук кызматтан четтетилип жаткан мезгилде (2005-ж. 19.09.) прокуратуранын депозиттик счетунда эле 70 млн. сомдон ашык акча турган. Бирок Бакиевдер Акаевдин президенттик эле ордун эмес, байлыгын да, коррупциялык саясатын да тартып алып, андан ары ал саясатты улантышпадыбы?!
— Ал эми азыркы өкмөт Бакиевдин жолун улантып жаткан жокпу?
— Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010-жылдын апрель революциясынан кийин 50гө жакын объект улутташтырылды. Бүгүн мына ошол объектилердин тагдырын Парламент менен Өкмөт чечкени турушат. Тилекке каршы, легитимдүү бийлик келгенден кийин Убактылуу Өкмөттүн бул саясаты дагы токтоп калды. Эч кимдин уланткысы жок. Тескерисинче 2005-жылы Бакиев Президент болуп шайланып алгандан кийин токтоткондой эле азыркы бийлик деле Максимге, Елисеевге, Наделге, Ширшовдорго жана башкаларга жан тартып, соттогу иштерин токтоттуруп, объектилерди башка бирөөлөргө кайра каттаттырып, «тымызын рейдерликти», «бөлүштүрүүнү» жүргүзүп жаткан учурлары билинип калып жатат. 2005-жылдагы «Данчиктин ролун» азыр аткарып жаткандар билине баштады. Биз жетише албаган Бишкектеги эле «Шампанвинкомбинат», «Ай-Пери», «Нарын» рестораны Бакиевдердин айрым казино, кафе, офистери, Кыргызпрофсоюздун, Кыргызпотребсоюздун, «КЦЩК» (67,4% акциясы) ж.б. объектилери бар.
— Коррупциянын негизги булактары кайда жана эмнеде, ушуну да түшүндүрүп бербейсизби?
— Акаевдин кланы тарабынан уюштурулган паракордук жана коррупция системасы Бакиевдин режиминде туу чокусуна жеткен. Бул коррупциялык режимдерде кирешелердин негизги булактары болуп төмөнкүлөр эсептелген:
Товарларды жана чийки затты контрабандалоо. Кытай өндүрүшүндөгү товарларды контрабандалоо өтө чоң масштабдарга жеткен, алардын ар жылдык жүгүртүүсү Кыргызстандын ИДПсынын жылдык деңгээлинен кыйла ашып кеткен (мисалы, Кыргызстанга экспорт боюнча кытай тарабынын маалыматтары 2007-жылы 3,6 млрд. АКШ долларын, 2008-жылы 9,2 млрд. АКШ долларын түзгөн, ошол эле убакта кыргыз статистикасы кытай импортун 8-10 эсе аз кылып көрсөткөн). Ушундай көрүнүшкө каршы күрөшкөндүн ордуна Акаевдин жана Бакиевдин режимдери мамлекеттик бюджеттен зор кирешелерди «кымтып алып», бул жагдайды иш жүзүндө мыйзамдаштырган. Кытай импортунун гана көлөмүнөн 10%дык минималдуу киреше болгондо, коррупциялык системанын кирешелеринин орточо жылдык деңгээли 0,5 млрд. АКШ долларынан ашышы мүмкүн. Кыргызстан кытай товарларын жакын жайгашкан өлкөлөргө жеткирүү боюнча которуштуруучу пунктка айланган, ал акыры Россия, Казакстан жана Белоруссия тарабынан Бажы союзунун түзүлүшүнө алып келген, анткени алар аракетсиздик, айрым учурларда кыргыз бийлиги тарабынан түрткү берүү ушул өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч алып келет деп эсептеген. Ал эми Өзбекстан болсо алып кирүүгө же алып чыгууга чек араларын жабык режимде кармап, аны өзү кызыкдар болгон товарлар үчүн гана ачат.
«Паранын шарттуу түрдө мыйзамдаштырылган системасы». Товарларды контрабандалоодон түшкөн өтө чоң кирешелер бажы жана салык системасына негизинен «таза эмес» паракор жана алдым-жуттум адамдардын келишине «түрткү берген». «Мурдагы президенттердин үй-бүлөлөрүнүн» өз кишилери тарабынан «жогору жактан» жасалган кысым мамлекеттик каршылык көрсөтүү жана алдын алуу механизмдеринин толугу менен жоюлушуна алып келген. Баштан-аяк пара алуу системасы биротоло орногон. Бул система суу берүү жана сатуудан пара алууну кошуп алганда электр энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу системасына толугу менен кошулган, ал эсепке алынбаган өтө чоң коммерциялык «жоготууларга» алып келген. Паралардын системасындагы мыйзамсыз кирешелер жыл сайын бир нече ондогон миллиард сомду түзгөн.
Лицензияларды жана жер казыналарын сатуу. Мисалы «Кум-Төр» кен чыккан жеринин айланасындагы жагдайларды талдоо эл аралык инвесторлордун жана ушул чөйрөдө иштеген жергиликтүү чиновниктердин өз ара аракеттенүү системасы жөнүндө айтууга негиз берет. Өз ара аракеттенүү системасынын көп жылдык тарыхы бар.
— Ушул жерден, Кыргызстанга келген алтын иштетүүчү компаниялар менен Макулдашуу кандайча болгону тууралуу да айтып өтсөңүз.
— Болуптур, 1992-жылы канадалык «Камеко» компаниясы менен «Кум-Төр» алтын кен чыккан жерин иштетүү жөнүндө Башкы макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кол коюлган, анын эсептелген запастары 1992-жылдын 1-январына карата 516 тоннаны түзгөн.
Долбоордун кыргыз тарап үчүн пайдалуу эместиги Башкы макулдашууну түзүүдө эле анын негизине салынган — бул металлды эмес, дивиденттерди бөлүү, мында башынан эле «Кум-Төр Оперейтинг Компани» биргелешкен ишканасын башкарууда Кыргыз тараптын четтелиши каралган. Башкы макулдашууга ылайык кен чыккан жерди иштетүү жана ишкананын финансылык иш-аракети «Камеконун» туунду фирмасы — «Кум-Төр Оперейтинг Компаниге» толугу менен өткөрүлүп берилген.
Жогоруда баяндалганга карабастан, кийинки Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н.Танаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка кызмат адамдары колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен 2003-жылдын 31-декабрында «Кум-Төр» долбоорун реструкташтыруу жөнүндө» токтомду кабыл алышкан.
— Ошондо, үлүштөр кандайча бөлүнүп калган?
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн жаңылоо жөнүндө макулдашууга ылайык Торонтодо (Канада) катталган «Центерра Голд Инк» компаниясы бир же бир нече туунду ишканалар аркылуу «Кум-Төр Голд Компани» (Кум-Төр Оперейтинг Компани) капиталынын 84 пайызына ээ болгон, мурда болсо компаниядагы Кыргыз Республикасынын үлүшү 60 пайыздан ашыкты түзчү.
Эсептер мындай реструкташтыруунун натыйжасында республиканын бюджети жүз миллиондогон АКШ долларын жоготкондугун, ал эми Кыргыз Республикасы «Кум-Төр» кен чыккан жерине контролго ээ болбой калгандыгын көрсөтүп турат.
— Ошону менен токтоп калдыбы?
— Ушуну менен эле токтоп калбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку кызмат 2009-жылдын 24-апрелинде «Камеко» корпорациясы менен «Кум-Төр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Кыргыз Республикасы үчүн алдын ала пайдасыз макулдашуу түзгөн, ага ылайык Кыргыз Республикасы «Центерра Голд Инк» Компаниясынын акцияларынын 33 пайызына гана ээ болгон. «Камеко» Корпорациясы акциялардын 37,8 пайызын алган, ал эми ЖМКда жарыяланган маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасынын мурдагы президенттери А.Акаевдин жана К.Бакиевдин туугандары жана жакындары акциялардын калган 29,2 пайызына ээ болгон деген сөздөр бар.
Аталган макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан 2009-2010-жылдары жалпы аянты 27300 гектарды түзгөн Кара-Сай жана Коенду алтын чыккан аянттарын изилдөө максатында жер байлыктарын пайдалануу укугуна 2- лицензиялар кошумча берилген.
— Дагы кандай жеңилдиктер берилген?
— Мындан тышкары, макулдашуу менен «Центерра Голд Инк» компаниясы жана анын аффилирленген компаниялары сатуудан түшкөн салыктан, КНСти, акциздик салыкты жана өз продукциясын, башкача айтканда алтынды сатуу салыгын төлөөдөн бошотулган.
Бирок, эгерде «Центерра Голд Инк» компаниясы жана анын аффилирленген компаниялары КНСти, киреше салыгын жана башка ата-мекендик ишканалар мыйзам боюнча милдеттүү түрдө төлөгөн салыктарды төлөгөн болсо, 16 тонна алтын өндүрүлгөндө жана сатылганда Кыргыз Республикасы жылына салыктар боюнча гана 150,0 миллиондон ашык АКШ долларын алмак.
— Мындай коррупциялык система дагы кай жерлерде пайда болду?
— Ушундай эле «коррупциялык система» «Манас» аэропортуна АКШнын аскер самолеттору келген (азыр транзиттик жүк ташуулардын борбору) биринчи күндөн тарта пайда болгон.
АКШнын «Манас» аэропортунан Афганистанга учкан самолетторун күйүүчү май менен камсыз кылуучу «Минакор» менен «Редстар» деген Лондон менен Гибралтарда жайгашкан фирмалар 2006-жылдан 2010-жылга чейин эле Кыргызстанга 1 807 200 тонна реактивдик күйүүчү затты алып келген. Эгерде Кыргыз бийлиги тарабынан бул фирмаларды акциздик салыктан бошотпогондо болжол менен 3 млрд. 614 млн. 400 миң сом мамлекеттин бюджетине түшмөк.
— «Манас» аэропорту тууралуу коомчулукта көп сөздөр жүрүп жатат…
— Мен ойлойм, Кыргызстандын Президенттери А.Акаев жана К.Бакиев өз кызыкчылыктарын ойлобой, өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, АКШнын базасын, самолетторун күйүүчү зат, башка нерселер менен камсыздоочу фирмаларды Кыргызстанда төлөнүүчү салыктардан бошотпогон шартты талап кылганда АКШнын жетекчилиги деле макул болмок. Бүгүн анын айланасында коомчулукту «дүүлүктүргөн» өйдө-ылдый сөз болмок эмес. Ачыктык, мыйзамдуулук, биринчи кезекте АКШ тарапка керек. Биз «Манас» аэропортунан АКШнын самолетторун «кет» дегендин ордуна, мыйзам чегинде ачык салык төлө деп, келишимди кайрадан карап чыгышыбыз керек «ТЗК Манас» мамлекеттик ишканабы, жеке ишканабы, эгерде салыктан бошотулган шарттарда иш алып барса, ал жерде коррупция жашай берет. Кечээ, Акаев менен Бакиевдин балдарынын чөнтөгүнө түшсө, бүгүн айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн чөнтөгүнө түшөөрү бышык. Айрымасы ушул. Азыркы кыргыз бийлиги өкмөттүк деңгээлде транзиттик борборго күйүүчү затты поставка кылуу боюнча тендерди утуп алган ошол эле «Минакордон» «50% поставканы биз кылалычы» деп суранып алганынын өзү да Максим Бакиевден алыс кетпегендигибиздин далили.
— Азыркы саясатчылардын биринчи капиталы тууралуу эмне деп айтат элеңиз?
— «Курал жана курал-жарактарды сатуу». Эгемендиктин башында көптөгөн курал жана курал-жарактар, самолеттор чет өлкөлөргө контролсуз сатылган. Кээ бир азыркы саясатчылар өздөрүнүн биринчи капиталын так гана ушул аркылуу жасаган. Мисалы, «Канат» программасынын башында тургандар ж.б.
Баңги траффиги. Үстүртөдөн кылынган баалоо баңгилик траффиктен түшкөн ар жылдык киреше 150-200 миллион АКШ долларынан кем эмес, жыйындысында ал бир нече миллиард долларды түзөөрүн көрсөтүп турат. Бул өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч түзгөн финансылык зор капиталдын жана кылмыштуулуктун пайда болушуна алып келди. Көбүнчө банк системасы аркылуу «акчаларды адалдоо» деп аталган «мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдуу түргө келтирүү» толук системасын түзүү пара жана коррупция системасынын квинтэссенциясы болгон. «Акчаны адалдоо» максатында иш жүзүндө «Азия Универсал банк» ААК (АУБ) башында турган банктардын тармагы жана жалган компаниялар түзүлгөн. Жогорку кызматтардагы чиновниктер жана мурдагы президенттердин кландарынын мүчөлөрү акчаларды адалдоонун ушул системасын ийгиликтүү пайдалангандыгы факт болуп саналат.
— Акчаны адалдоонун элементтери качан пайда болгон?
— Кыргыз банктары аркылуу акчаларды адалдоонун биринчи элементтери 90-жылдардын аягында пайда болгон. Ошондо банктык көзөмөл системасы анын андан ары жайылтылышына ийгиликтүү каршылык көрсөткөн. Банктык көзөмөл АУБдун негизги акционери Надель мурдагы президент Акаевдин өз кишилери менен келишимге келгенге жана алардын ишенимине киргенге чейин каршы тура алган. Болжол менен 2000-2004-жылдары АУБдун операцияларына жолто кылууга жана аларды токтотууга багытталган Улуттук банктын Башкармасынын чечимдери сот чечимдери аркылуу чектелген. Мындан тышкары, Улуттук банктын айрым кызмат адамдары мыйзамдарды бузган жана укукка каршы аракеттерге катышкан, алар боюнча кылмыш иштери козголгон.
Банк, анын акционерлери, жетекчилери жана кызмат адамдары миңдеген ишканаларды ачкан, ушундай ишканалардын маалыматтары менен банктагы алардын эсеби боюнча масштабдуу манипуляцияларды атайылап өткөргөн, жок болгон товарларды жана чындыгында көрсөтүлбөгөн кызматтарды «көрсөттү» кылуу үчүн чет өлкөлөр менен жүз миллиондогон АКШ долларына операцияларды жүргүзгөн. Банкка аларга керек болгон кайсыл болбосун манипуляцияны өткөрүүгө мүмкүндүк берген система АУБдун автоматташтырылган маалымат базасына атайылап улаштырылган. Банкка Соцфонд, Өнүктүрүү фонду сыяктуу мамлекеттик уюмдардын зор каражаттарын тартууга мүмкүндүк берген. Мында, банктын жетекчилиги мурдагы Президент Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү менен саясий байланыштары колдонгондугу далилденген.
— Буларды толук текшерүүгө мезгилинде мүмкүнчүлүк түзүлгөнбү?
— 2010-жылдын 7-апрелинен кийин жана прокуратуранын кызматкерлеринин аракеттеринин колдоосу менен гана толук текшерүү мүмкүн болгон.
АУБ тарабынан каражаттарды чет өлкөгө чыгаруу практикасы кеңири колдонулчу, анын максаты жана мыйзамдуулугу айкын эмес. 2010-жылдын 7-апрелинде мурда алдын ала басма сөздө жарыялангандай 280 миллион АКШ доллары эмес, 6,5 миллиондон ашык АКШ доллары чыгарылып кеткен. Так 2010-жылдын 7-апрелинде 280 миллиондон ашык АКШ доллары суммасындагы каражаттар уурдалып кетти деп көрсөтүү максатында банктын ички маалыматтары менен манипуляция кылуунун маңызын тергөө чаралары аныктап жатат.
— Ошондо сыртка канча акча чыгарылып кеткен?
— Иш жүзүндө 2009-жылдын декабрынан тартып 2010-жылдын 6-апрелине чейин 103 миллиондон ашык АКШ доллары суммасындагы каражаттар чыгарылып кеткен.
Мамлекеттик каражаттарды чет өлкөлөргө чыгарып кетүү, ошондой эле мамлекеттик компанияларды мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкандыгынын фактылары да бар.
Тергөө чаралары тарабынан АУБ жана төмөнкү 4 банктын ортосунда байланыш бар экендиги аныкталган: Ысык-Көлинвестбанк, Кыргызкредитбанк, Акылинвестбанк жана Манас банк. Башка банктардын байланышы аныкталып жатат.
Ошентип, акчаларды адалдоонун АУБдун, ага байланыштуу банктардын жана жалган ишканалардын базасында уюштурулган системасы Бакиевдердин кланынын коррупциялык бүтүн системасынын бөлүгү болгон, ал мыйзамсыз баюуга жана бардык мамлекеттик бийлик системасын жеке кызыкчылыктарын тейлөөгө аргасыз кылууга багытталган.
— Мындан чыгуунун жолу барбы?
— Жогоруда баяндалганга байланыштуу мен төмөндөгү милдеттерди аткаруу үчүн жогорку мамлекеттик деңгээлдеги ведомстволор аралык комиссияны түзүү зарыл деп эсептеймин:
1. Мыйзамсыз менчиктештирилген же өлкөдөн чыгарылып кеткен мамлекеттик каражаттарды кайтарып алууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, аны ачык-айкын улантуу;
2. Мыйзамсыз операцияларды алдын алуу үчүн товарларды жана чийки затты контрабандалоонун негизги каналдарын талдоо, контролдоо механизмдерин жакшыртуу жана мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү, товарлардын жана продукциянын агымдарын каттоону жана алардын статистикасын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3. Мамлекеттик органдар системасында, экономиканын негизги тармактарында пара алуунун негизги схемаларын талдоо жана мамлекеттик органдарда паракорлукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча сунуштарды, ошондой эле экономикалык таасир этүү жана кесиптик иш-аракетке дем берүү чараларын иштеп чыгуу;
4. Баңгизат траффигинде пайдаланылган же баңгизат траффигинен, куралды жана курал-жарактарды мыйзамсыз сатуудан түшкөн каражаттардын негизги каналдарын жана алардын түшүү менен өткөрүп берүү механизмдерин талдоо;
5. Банктар аркылуу акчаларды адалдоонун негизги каналдарын жана усулдарын талдоо, алардын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана аракеттерди көрүү. Мамлекеттик органдарды тартуу менен 2004-жылдан тартып 2010-жылдын апрелине чейинки мезгил ичинде АУБдан жана ага байланыштуу банктардан чыгарылып кеткен каражаттарды кайтарып алуу боюнча чараларды, сунуштарды иштеп чыгуу жана аракеттерди көрүү;
6. Кыргызстандын кен-байлыктары («Кум-Төр» ж.б.) боюнча берилген лицензиялардын эсебин тактоо, анализдөө, кен байлыктарды жалпы улуттун кызыкчылыгы үчүн пайдалануунун жаңы принциптерин иштеп чыгуу, ачык-айкындуулугун камсыздоо, аларды чет элдик инвесторлорго берүү жана «Манас» аэропортун ижарага берүү жөнүндөгү келишимдерди кайра кароо, ратификациялоо, мында салыктардан бошотуу практикасын токтотуу. Бул мамлекеттик программага айланышы керек.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА

The post «Азыркы бийлик дагы Максимге, Елисеевге, Наделге, Ширшовдорго жан тартып…» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сын великого Корнея, или посвященная Николаю Чуковскому выставка открылась во Внуковском

Обвинение запросило 11 лет колонии для актрисы Рамили Искандер в суде Пензы

Школы, детские сады и новые производства: что ...

В Люберцах приступили к строительству домов в составе ЖК «Легенда Коренево»

Музыкальные новости

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Футбол Беларуси. Минское «Динамо» сразилось с «Шахтером» из Солигорска

Замгубернатора Томской области по экономике Потемкин высказался о гибели президента Ирана

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

Новости России

Сын великого Корнея, или посвященная Николаю Чуковскому выставка открылась во Внуковском

Выездные бригады НИКИ детства осмотрели свыше 4 тысяч пациентов с начала года

Экскурсия в Московскую торгово-промышленную палату. 23 мая, 12:00

Вопрос безопасности: как в России никого не ущемляя запретить никабы

Экология в России и мире

В Астрахани прошли мероприятия, посвящённые Дню Победы

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Спорт в России и мире

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Moscow.media

Подтверждена совместимость облачной платформы SpaceVM и операционной системы AlterOS

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Больше 21 авто эвакуировали с Московского вокзала за неправильную парковку

Вопрос безопасности: как в России никого не ущемляя запретить никабы

Получить психологическую помощь. В ЦМД «Северное Бутово» работает клуб под руководством опытного специалиста

Сын великого Корнея, или посвященная Николаю Чуковскому выставка открылась во Внуковском