Мы в Telegram
Добавить новость

В Москве после драки в Бирюлево возбуждено уголовное дело

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

"Турецкого султана" едва не скинули с трона: При чём тут Россия, сказал политолог

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат» 11.11.10.

Атамзамандан бери ушул макалдын мааниси күчүндө келатат. Өзгөчө эки төңкөрүштү башынан кечирген эгемен өлкөбүз үчүн...

The post «Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат» 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Атамзамандан бери ушул макалдын мааниси күчүндө келатат. Өзгөчө эки төңкөрүштү башынан кечирген эгемен өлкөбүз үчүн тимеле ташка тамга баскандай болуп калды көрүнөт.
Бийлик колдун кири дешет. 20 жылдан бери кыргыз бийлигине кимдер гана келип кетишпеди. Бирден санасак кагаз түт келбестир. Ал эми алардын жолдо калгыр жорук-жосундарычы. Кайсы бирин айталы да, кайсы бирин жазалы…
Бир сөз менен айтканда бектер кетип эл калат экен, бетеге кетип бел калат экен…

Өмүрбек Бабанов
Саясатчы саясатчылыгын койбойт экен да. Шайлоо деген аламанда байгеге жетишип алгандан кийин партиялык тизмедегилердин дээрлик көпчүлүгүн алып ыргытып, бир кездеги Акаевдин куйруктарын депутат кылып жаны тынды. Демек, «Республиканы» Акаевдер каржылап атыптыр деген көчө сөздөрү чын экен да. Тизмеден чыкпайм дегендерди өзүм билемдигине салып, нары-бери калчады го чиркин. «Мына депутат болом» дегендердин баарынын шаабайы сууп, шалдайып отуруп калышты. Алардын эмгегинин аркасы менен эле аты-жыты белгисиздер депутаттык мандатка ээ болушту. Тагдырдын тамашасын кара. Ушу жерден Өмүке эр жигиттик сөзүнө турбай, ал үчүн ар кандай саясаттык жагдайда тикесинен тик турчу командасынан айрылып олтуру. Буга чейин Бабановду жаш, креативдүү, мобилдүү саясатчы деп мактап келдик. Мактаган саясатчыбыз төбө чачты тик тургузуп жатканы эмнеси? Өмүке ушинткенден кийин башкасында кеп жок. «Республика» партиясындагы депутат болбой калган жарандардын укугун ким коргойт да, аларды Бабановго болгон ишенимин ким кайтарат? «Бир тууган» партиялаштарына кылган мамилеси ушул болсо, элге берген 9дык ипотекалык кредиттер кандай болоор экен? Абай салып, байкайлычы деги.

Адахан Мадумаров
Керектүү учурда бийлик менен соодалаша коюп, ойт берип кетмейи бар. Бул ирет дагы ошондой ит оорусу кармады көрүнөт, БШКны кокосунан алганын токтотуп, тымпыйып тилин тыйып калды. Адахан ушинткенде эле бирдин ичинен чыкчу эле. Угушубузга караганда, шайлоодон жыдыганына карабай, жаңы бийлик менен соодалашып, элчи болгону калыптыр. Чемоданын даярдап, президенттин буйругун эле күтүп атат дешет. Албетте, эр жигит эл четинде, жоо бетинде болуш керек. Зыңкыйып жакшы элчи болоор… Кичине жеке амбициясын жыйыштырып, Кыргызстанды сырттан карап көрөөр, көз карашы өзгөрөөр деп күтүп турабыз. Антсе да жаңы парламентке Адахан Кимсанбаевичтей тилинен чаң чыккан депутаттар жетишпей, анын орду оркоюп турар… Айтса-айтпаса төгүнбү, Үсөн акесинин акчаларын кантип кайтарат болду экен? Парламентке келгенде го бу маселени оңой эле чечмек. Эми бир топ татаалдык жаралаттыр. Ал элчи болуп кетсе «Бүтүн Кыргызстан» эмне болот? Же партияны бийликтин бир бутагын ээлеш үчүн эле түзү бекен? Суроо көп, жооп жок.

Ташполот Балтабаев
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын эң аксакал депутаты болду. Жогорку Кеңештин бу жолку отурумун дагы ушул депутат ачты. Парламентке келген партиялар коалиция түзүп, расмий түрдө спикер шайлаганга Ташполот Балтабаев-ге төраганын ролун аткаруу вазийпасы жүктөлгөн экен. Атайын бир топ «Биз сизди спикер кылабыз» деген саясий оюн менен Текебаевди чаап түшүшмөк болушуптур. Ташполот акебиз «жок, мен партиянын төрагасынын башын аттай албайм» деп отказ бергенин угуп, «бали!»дедик. Көрсө, саясатта таза адамдар деле бар экен деп таң калып турубуз. Эске салсак, Балтабаев мурда дагы депутат болгон эле. Ал мезгилде өрүкзарлуу Баткендин көйгөйлөрүн анда-санда козгоп койгону болбосо, өзгөчөлөнгөн деле саясат жүргүзгөнүн уккан эмеспиз. Кайдан жүрүп Өмүрбек Чиркешовичке кошулуп калганын ким билсин? Ошентсе да жеке кызыкчылыгы үчүн «Ата Мекендин» ынтымагын ыдыратып, ажыдаардын куйругун баспай, акылдуулук кылды. Аксакал башы менен саясий күчтөргө алданса кечиримсиз болмок. Эми да ушул позициясынан тайбай, жаңы парламентте аксакалдык кебин айтып, амбициялары асман чапчыган депутаттардын тизгинин тартып турар…

Качкын хандын
Арманы
Элиме кызмат кылам деп
Падыша болдум кыргызга
Коррупцияны жыгам деп
Убада кылдым эл-журтка.

Акүйгө кирип акырын,
Алгач өзүмдү батырдым.
Андан соң ага-тууганды
Калтырбай, баарын чакырдым.

Казынасын өлкөнүн,
Канчасын жеп, сапырдым.
Каяша айткан жандарды
Каматып, кууп, аттырдым.

Ушинтип шорун катырдым.
Долларга көзүм кычышып,
Каркыраны саттырдым.
Казактарга ошентип
Кадырымды арттырдым,
КТРге айттырдым.

«Ак Жол» деп элди алдадым,
Эл эмес, өзүм шайладым.
«Ата-Мекенди» жайладым.
Энөө саясатчыларды
Жипсиз мамыга байладым.
Мыйзамсыз болчу иштерге,
Ошолорду айдадым
Акча менен жалдадым.

Калкка тезек тердирттим,
Малга паспорт бердирттим.
Салыктын баасын көтөрүп,
Салыктын түрүн көбөйтүп,
Бергиле деп демиттим.

Элимди эздим аябай,
Эгемен экенине карабай.
Калкымды кыйнадым аябай
Кыргыз экенине карабай.

Жумушун жойдум токтотуп,
Турмушун койдум боктотуп.
Туурасын айткан пендени
Түрмөгө тыктым соттотуп.
Менчиктеп алдым баарысын,
Үй-бүлөмө топтотуп.

Каалашымча жыргадым,
Кресломдон жылбадым.
Кыйынсынган кыргызды
Беш жыл бою кыйнадым.
Рекет менен киллерди
Рахмат айтып сыйладым
Ушунумду тыйбадым.

Гезиттерди жаптырдым,
Генийлерди аттырдым.
ГЭС, ТЭЦ, панционаттарды
Кейибестен саттырдым.
Өлкөнү талап-тонодум
Өзүм такыр тойбодум.
Өчүрүп элдин жарыгын,
Өзгөчө жаман кордодум.

Кыскасын айтсам кебимдин,
Кыргызстан деген жеримдин,
Ак калпак кыргыз элимдин
Казынасын, байлыгын
Каалашымча солодум.

Акыры кыргыз толкуду,
Атсам билбей коркууну.
Акүйдү басып алышты
Аскар хандын артынан
Мени да айдап салышты,
Аялдан ханды табышты.

Калкымдан качып кетипмин,
Каколдорго жетипмин.
Аялдан качып кетипмин,
Александрага жетипмин.
Аргам жок да, айлам жок
Алыста азыр жетиммин.

Баарысын берип жыргаткан,
Балам да сактап калган жок.
Бапестеп басып жыйнаткан
Байлыгым сактап калган жок.
Бекемдетип тургузган
Бийлигим сактап калган жок.

Берсем да колуна бийлик,
Бектериң сактап калган жок.
Акча менен чогулткан,
«Ак Жолуң» сактап калган жок.
Акыры качкын кылдың ээ,
Атаганат дүйнө бок!

Күдөрүмдү үзбөйүн,
Камчыбекти күтөйүн.
Акылымдан жазбайын,
«Ата Журтту» баштайын.
Тагдырымдан азбайын,
Ташиевди таптайын.

Сагыналы уулу Адилет

The post «Бетеге кетет, бел калат, Бектер кетет, эл калат» 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве открывается новое здание Третьяковской галлереи на Кадашевской набережной

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Музыкальные новости

Россия, Культура, Теат, Дети, ПДД: кукольным языком о дорожной безопасности детям показали в Ульгэре

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Тревел-тату как искусство: Яндекс Плюс запустил проект «Из путешествия – с татуировкой»

Новости России

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

Научно-практическая конференция для школьников прошла в Воскресенске

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

Канада ввела санкции против России

Экология в России и мире

Петербургский «Пушкинский бал»

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Выставки индустрии моды в Москве

Спорт в России и мире

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Moscow.media

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Москве открывается новое здание Третьяковской галлереи на Кадашевской набережной

"Турецкого султана" едва не скинули с трона: При чём тут Россия, сказал политолог

Канада ввела санкции против России

Драка со стрельбой произошла на юге Москвы