Мы в Telegram
Добавить новость

До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

Народные тропы благоустроили в Воскресенске

Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Теңири» 07.11.11

фильмин көргөн соң… Жакында Бишкекте француз режиссеру Мари де Поншевиль Франция -Германия-Кыргызстан биргелешип ишке ашырган...

Сообщение «Теңири» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

фильмин көргөн соң…
Жакында Бишкекте француз режиссеру Мари де Поншевиль Франция -Германия-Кыргызстан биргелешип ишке ашырган «Теңири» көркөм фильминин премьерасын көрсөттү. Төмөндө ушул фильмди көргөн соң кесипкөй адистердин тасмага карата айтылган ой-пикирлерин, сындарын сунуш кылууну эп көрдүк.

Көчмөн кыргыз дагы эле «жапайыбы?!»
Жаныш Кулмамбетов, драматург, сынчы, режиссер:
— 1995-жылы америкалык режиссер М. Трейберг улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун повестинин негизинде тарткан «Жамийла» фильминин премьерасы орустардын ОРТ каналынан көргөзүлгөндө, өзүн кыргызмын деп эсептегендердин күйбөгөн жери күл болгон. Анткени, режиссер кыргызды, андан өтүп бүтүндөй монголоид расасын айбандык сезимден, примитивдүү инстинктерден арыла элек жапайы, агрессивдүү калк катары көрсөтүп, европа менен санскрит цивилизацияларын «бүтүгүй» көздүүлөрдөн жогору койгон болчу. Данияр-европеид, Сейит -индоевропеид, а калган зордукчул кишилер монголоиддин түспөлүндө берилип (артисттер ошондой тандалган), ксенофоб М.Трейберг кыргыз элин, монголоид расасын катуу кемсинткен эле. Евроамерикалык текеберчиликтин позициясынан тартылган ошол фильм. Ошондо да курулай фактыга курсант болушкан айрым бир алабарман кыргыздардын «О-о, кыргыздар жөнүндө Голливуд фильм тартты» дедиртип, өпкөлөрүн калдайткан.
Тилекке каршы ошол эле көрүнүш 2008-жылы кайрадан кайталанып олтурат. Анткени, жакында Бишкекте француз режиссеру Мариде Поншевиль ошол эле «Жамийланын» жаңы интерпретациясын — «Теңири» деген ат менен тартылган фильминин премьерасын көрсөткөндө, М. Трейбергдин фильмин көргөндөгүдөй абалга туш болдук. Француз режиссерунун кыргызга карата евроцентристтик текебер көзкарашы америкалык режиссердун көзкарашынан алыс узаган эмес — «Теңириде» да бүгүнкү кыргыз, жайлоонун башында жашаган, цивилизациядан алыс жапайы, агрессивдүү, рухий-ыймандык деградацияга учураган бир бечера калк катары сыпатталган.
Кунарсыз жашоону башынан кечирип, эптеп күн көрүп аткан жайлоодогу азыркы, агрессивдүү бечара кыргызга Франциядан (Европадан) цивилизациянын даамын таткан, аралдык казак жигит (?!) Темир (Данияр) келип, күйөөсү моджахед болуп кетип (?!), сегиз жыл кыз бойдон жүргөн (?!) Амираны (Жамийла) алып качып, «жапайылардын» чеңгелинен куткарып кетет. Фильмдин сюжети ушул.
Мылтыктарын сороктотуп, кудум ооганстандык моджахеддердей сыпатталган куугунчулардан качкан Амира менен Темир, логикага ылайык — территориябыздын чакандыгына жараша кол созсо жете турган шаарга эмес, кайра кыр ашып, ак кар көк муз менен тоого кетишкенин да режиссер атайы баса көргөзүп, көрүүчүнүн аң-сезиминде кыргызды дагы эле көчмөн жашоонун кучагынан арылбаган калк катары калтыргысы келет.
…Фильмдин затына эмес, тартылды деген атына гана сүйүнүп, «бизди бүтүн дүйнөгө тааныта турган болду, «Оскарга» көрсөтөлү!» деп өпкөлөрүн калдайтып атышкандарын угуп, башыңды аргасыз чайкайсың, намысыбыздын жоктугуна. Албетте, фильмдин тартылыш сапаты мыкты. Эми, беш миллион евро алса, кыргыздын режиссерлору деле ушундай, а балким мындан да жогорку сапаттагы фильм тартышмак. Илимбек Калмуратов, Альбина Имашева, Таалайкан Авазова, Бусурман Одуракаев, Асхат Сулайманов, Табылды Актанов сыяктуу ж.б. кыргыздын таланттуу артисттеринен куралган актердук ансамбль да аткаруучулук чеберчилик жагынан бири-биринен кем калбайт. Бирок, ушул сапат, ушул чыгармачылык кубат кыргызды бир тараптуу кемсинтүүгө эмес, жок дегенде алатоолуктардын реалдуу жашоо-турмушун реалдуу чагылдырууга багытталса алда канча мыкты болмок.
Аттиң…


Азыр айылдарда эркектердин арак ичип алып аялдарын сабаганы — бул чындык
Эрнест Абдыжапаров, режиссер:
— «Теңири» фильми Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» чыгармасы түрткү болгон, азыркы учурдун көйгөйү камтылган тасма. Бирок, бул окуяны түздөн-түз «Жамийла» деп айтууга болбойт. Франция, Германия каржылап, биздин студия менен келишим түзүп тартылды. Тасманы тартууда жерлерди, артисттерди тандоодо, ар кандай келишимдерди жасоодо биз жардам бердик.
— «Теңири» тасмасын көргөндөр кыргыз элин жапайы, маданияттан, цивилизациядан артта калган калк, эркектеринин арактан башы чыкпаган зөөкүр катары көрсөтүп коюптур деген ар кандай пикирлер айтылууда…
— Алгачкы сценарийди окугандан кийин биздин кийлигишүүбүз менен ушул фильм жаралды. Эгерде аларды тарта бергиле деп кол шилтесек, анда фильм таптакыр биздин оюбузга карама-каршы пикир жарата турган тасмага айланмак. Алардын оюна койсок, айылдыктардын баардыгы аракеч, зөөкүр, өлгөн адамдын өлүгүн талаадагы жоруларга талатып койгон жапайы калк сыяктуу кылып, кыргыздарды караманча басынта турган фильм болмок. Тасма тартылганча улам алар менен талашып-тартышып атып ушундай финалга чыктык. Негизи фильмге биз уяла турган көрүнүштөр кирип кеткен. Бирок азыр айылдарда эркектердин арак ичип алып аялдарын сабаганы — бул чындык. Аны кайда жашырабыз. Бирок, фильмде негативдүү жагы менен катар, позитивдүү жагы да камтылган. Тазалыкка умтулуу, сүйүү, кыргыздын эң кооз жаратылышы сакталып калган. Тасмадагыдай эркектер аялын сабап басынткан көрүнүш кыргыздардын эле эмес, бүт дүйнөнүн көйгөйү.
— Тасманы тарткан режиссер, продюсерлер Кыргызстан деген кичинекей мамлекеттин жашоосун, турмушун ушул фильм аркылуу бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп атышат. Биз Африка десе эле жылаңач негрлерди көз алдыбызга элестетебиз, а ушул фильмди көргөн чет мамлекеттин эли кыргыз десе эле ошол фильмдеги элдин жашоосу көз алдыларына тартылып, биз негативдүү жагыбыз менен таанылып калбайбызбы?
— Бул фильмди көргөн чет элдиктерде ошондой ой калыптанып калышы мүмкүн. Бирок, «Бозсалкын», «Айыл өкмөтү» тасмаларын көргөндөр деле ушул сыяктуу ар кандай сын-пикирлерин айтып келишкен. Айылдыктардын баарын аракеч кылып, кыз алакачкан салтыбызды баса белгилеп көрсөтүптүрсүң дегендер болушкан. «Теңири» фильми аягына чыкканга чейин режиссер, продюсерлер менен талашып-тартышып, нааразы болуп аттым. Тасманын бетачаарына да сарсанаа болуп, эл кандай кабыл алат деп коркуп баргам. Кинону көргөндө кадимкидей эс ала түштүм. Фильм аяктаганда эл туруп, көпкө кол чаап атты. «Теңири» фильмин анча-мынча гана куру намыстуу адамдар сындап айтып атышат. Бул баардык кыргызстандыктардын намысына тийди дегенден алысмын. Мен кыргыз киносунун келечегине санаа тарткан адам катары, бул тасманын кандай болбосун дүйнөлүк масштабга кеңири тараганы Кыргызстан үчүн чоң киреше деп эсептейм. Ал эми социалдык проблемаларды саясатчыларга койсок болот. Намысыбызга эч ким тийишпегендей кыла турган болсок, жапа тырмак элибиз ыймандуулукка умтулуп, цивилизациялуу коомду курушубуз керек. Намысыбызга жараша турмушубузду, ыйманыбызды оңдошубуз керек. Кинолорумда Кыргызстанды кооздоп, көркөмдөп тартканга аябай эле аракет кылам. Бирок, көйгөйлөрдү айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Эң негизгиси, биздин касиетибиз бар, дүйнө жүзү таанып калды, аны эч ким танбайт.

Даярдаган Назгүл КАЛМАНБЕТОВА


Сообщение «Теңири» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Народные тропы благоустроили в Воскресенске

Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

МЧС: плотный туман в Москве продержится до 7 утра 22 мая

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

Музыкальные новости

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Маркетологи рассказали, что влияет на популярность компании в 2ГИС

Куклы Ульгэра учат детей и подростков ПДД: Россия, Культура, Театр и Дети

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Новости России

Даванков – о Fan ID: «Трибуны пустые, а значит, что закон не работает»

Слет активистов движения «Пост№1» пройдет в Красногорском филиале Музея Победы

Опять «Березка». В Москве хотят вновь открыть «магазин для избранных»

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

Экология в России и мире

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Спорт в России и мире

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Moscow.media

Чесменская церковь.Санкт-Петербург

Вологодские зарисовки

На Невском заводе электрического транспорта наградили победителей фестиваля «Транспорт: будущее»

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Новую платформу Атома показали в приложении

Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

В Люберцах 40 детей-сирот обеспечат жильем в этом году