Мы в Telegram
Добавить новость

Воробьев рассказал об уникальности аграрного хозяйства «Кузьминский»

В 2023 году несырьевой неэнергетический экспорт Москвы в Китай вырос на 32%

В Москве из университета эвакуировали примерно 70 человек в связи с задымлением

Врач Сухорукова высказалась о пользе роллов

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Эми «Салам, Нью-Йорктон» да жакшы киного тартылгым келет» 14.01.14

Кыргыздарды Америкага тарткан — «Салам, Нью-Йорк» тасмасы Миграция темасына арналып тартылган фильмдер аз эмес. Бирок,...

Сообщение «Эми «Салам, Нью-Йорктон» да жакшы киного тартылгым келет» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Кыргыздарды Америкага тарткан — «Салам, Нью-Йорк» тасмасы
Миграция темасына арналып тартылган фильмдер аз эмес. Бирок, бул тасма алардын баарынан өзгөчө. Себеби, мында адаттагыдай Алмата менен Москваны эмес, океандын ары жагындагы Нью-Йоркту багындырууну көздөгөн кыргызстандык Баатырдын аянычтуу тарыхы сүрөттөлөт. Ал күтүлбөстүктөргө жана коркунучтарга кабылат, ал кийимдерин жана акчаларын уурдатат, аны алдашат жана кыйнашат. Мунун баары Нью-Йорктун мыйзамдары. А төмөндө ал тасмадагы каармандардан кызыктуу маек.

Аида Даниярова:

Аталышы: «Салам, Нью-Йорк»
Сценарийин жазган: Руслан Акун
Режиссёру: Руслан Акун
Тартылган жери: Америка, Кыргызстан
Тартылган жылы: 2012-2013-жылдар
Узактыгы: 2 саат
Бюджети: 100 миң АКШ доллары
Башкы ролдордо: Бектемир Мамаюсупов (Баатыр), Аида Даниярова(Эрика), Бусурман Одуракаев (Баатырдын атасы), Рая Нургазиева (Баатырдын апасы) ж.б.

— Аида, айтсаң, «Салам, Нью-Йорктон» кийин тасмага тартылдыңбы?
— Киного тартылууга көп эле жолу сунуш болду, бирок, тартылган жокмун. Ооба, бизде абдан көп тасма тартылат экен. Тилекке каршы, сценарийин окуй келгенде алар «Салам, Нью-Йорктукундай» жагымдуу эмес болду. Мындай жакшы фильмден кийин мындан да жакшысына тартылгың келет экен. А жакшы сунуш болбогондон кийин алардан баш тартууга туура келди. Анын үстүнө мен актриса деле эмесмин да, бул жагын алдыда хобби катары гана алып кетүүнү каалайм.
— Киного кандай жол менен тандашты эле?
— Кастинг аркылуу тандашкан. Негизи тасмага тартылам деп мен эч убакта ойлогон эмесмин. А «Салам, Нью-Йоркко» кастинг жүрүп жатканын тааныштарымдан уккам. Атүгүл анын биринчи туруна катышкан да эмесмин. Биринчи турунда сайтка сүрөттөр илинген, андан көп добуш топтогондору экинчи турга чакырылган. Кызыгы, мен ал учурда ошол сайтка кирип өзүмдүн бирин-экин тааныш кыздарыма добуш бергем. Анан эле мага дагы «катышып көрбөйсүңбү?» деген сунуштар болуп калды. Ошондо өзүмдү сынап көрмөккө эле экинчи туруна барсам колума кичинекей сценарийди беришип «ушуну ойно» дешти. Көпчүлүк карап турган үчүн аябай уялдым, бирок, ойнодум. Анан өзүмдүн купулума толбогон үчүн мени тандашпайт деген ойдо кетип калгам. Арадан бир ай өткөндөн кийин эле телефон чалышып чакырышты. Ошентип, 2012-жылдын август-ноябрь айларында Нью-Йоркко барып тартылып келдик.
— Көптөр сени ошол жакта жашайт деп ойлошот экен. Америка менен жеке байланышың барбы?
— Жок, мен Америкага өмүрүмдө биринчи ирет бардым. Албетте, бул өлкө мага жакты, жакшы сезимдерди тартуулады.Буга чейин Америкага баруу кыялымда гана жашаганын эске албаганда,менин ал жак менен эч кандай байланышым жок болчу.
— Тасмага имараттары көк тиреген шаарда тартылуу жагымдуу болсо керек?
— Жагымдуу, кызыктуу, ошол эле учурда кыйын болду. Шашылбай жайбаракат тартылууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Айтор, бири болбосо экинчиси окшошсун деп бир дублдун артынан экинчисин тарта салганга аракет кыла бердик. Себеби, баары бир өз мекениң болбогон соң көп нерседен көз каранды болот экенсиң. Керек болсо бирөөнүн короосунун жанында тартылып жатсаң да өзү же кошунасы чыгып «бизге тоскоол болуп жатасыңар, кетип калгыла» деп урушуп жатышты. Баатырдын караңгыда мени үйүмө жеткирип келген жери бар эмеспи? Мына ошол үйдү биз жолдо кетип баратып эле көрүп калып, жакканынан улам менин үйүм кылып сыртынан тартып жатканда эле жолдон ары-бери өткөндөр «уруксат алдыңар беле? Болбосо азыр арызданабыз» деп бир нече ирет айтышты.
— Кинодогу Баатыр, жашоодогу Бектемир менен мамилең кандай?
— Дайыма чалышып ал-ахыбал сурашып турабыз. Кинодон кийин биз жакшы достордон болуп калдык.
— «Актрисалыкты хобби катары алып кетишим мүмкүн» дедиң. Өзүң кайсы кесиптин ээсисиң?
— Экономистмин. Кыргыз Улуттук университетин бүтүргөм. Буга чейин кесибим боюнча журналда, банкта иштегем.
— Бала кезде ким болууну самачусуң?
— Кичинекей кезимде мен сүрөт тартканды, кийим тиккенди абдан жакшы көрчүмүн. Анан чоңойгондо модельер-дизайнер болом дечүмүн. Бул кыялым 11-классты бүткөнчө калган жок. Окууга тапшыраарда гана жакшылап ойлонуп көрүп 5 жыл окуп болгону тигүүчү болуп калаарыма көзүм жетти. Ошондо экономист болууну чечкем.
— Турмушка чыкканыңа аз эле болбодубу. Үй-бүлөлүк жашоо кандай болууда?
— Ооба, жолдошум экөөбүз өткөн жылдын март айында баш кошконбуз. Ошондон бери туристтик жаатта жеке ишкерчилик менен алек болуудабыз. Негизи мен бир жерде туруктуу иштегенди жаман көрчүмүн. Узак дегенде бир жумуш орунга бир жыл гана чыдачумун. Андан кийин эле жаңы орунду, жаңыланууну издей баштачумун. Ошого жараша, эми өзүбүздүн туристтик компаниянын иши менен ары-бери саякаттай баштадым. Алдыда дагы жолдошум экөөбүз Дубайга учканы турабыз.
— Жолдошуңду кайсы сапаты аркылуу жактырдың эле?
— Жолдошумдун аты Азрет. Экөөбүз журналда чогуу иштечүбүз. Алгач кесиптеш катары гана тааныш болсок, кийинчерээк жакшы достордон болуп кеттик. Анан мен тасмага тартылып келгенден кийин кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Арадан жарым жыл өткөн соң ал мага өзүнө турмушка чыгуу тууралуу сунуш кылды. Азретте чыныгы эркекке тиешелүү бардык сапаттар бар, мен аны ошон үчүн сүйдүм окшойт. Экөөбүздүн баш кошкондон бир жылдан кийин бала тууралуу ойлонолу деген планыбыз бар эле, мына ал учур да келип калды. Буюрса, баары жакшы болот деп ишенем.

 

Руслан Акун, режиссёр:
«Баатыр көргөн күндөрдүн көпчүлүгүн башымдан өткөргөм»
— Бул кинодогу окуялардын көпчүлүгү менин башымдан өткөн. Мен баш каарман Баатырга окшоп Америкага барып, жертөлөдөгү батирге жашап, ага окшоп иш издеп, акыры окуп, ийгиликке жетишкем. Кыскасы, Баатыр көргөн күндөрдүн көпчүлүгүн башымдан өткөргөм. Өзүмдүн башымдан өткөргөн окуяларга уккан-көргөн окуяларымды кошуп сценарий жазып кино кылып тарттым.
Кинодо кытай адамдын ролун ойногонго кытай адам табыш керек болуп калды. Анан кытай тапканда деле тилин түшүнбөйбүз да деп менин жардамчым келбети кытайга окшогон кыргыз адамды таап келди. Ал келип кытайча сөздөрүн жаттап анан ойноп калды. Кытайча сүйлөп, ойносо бизге кызык угулуп, тасманы тартып жатып эле анын сүйлөгөн жерине келгенде баарыбыз быкшып күлүп жатып калабыз. Эптеп тарталы десек кайра күлүп жиберип камерабыз титиреп кетет. Ошентип жатып бул жерин бир сааттай убакытта араң тартканбыз.

Бектемир Мамаюсупов:
«Планшетти күзгү кылып алып сакалымды кырчумун»
— Бул кинону режиссёр, оператор мен үчөөбүз эле тартканбыз, ошондуктан, тартуу абдан кыйын болгон. Съёмка болуп жаткан учурларда мен эки-үч гана саат уктачумун. Таң атпай туруп айдоочу болуп тартуучу топту ар жакка ташыйт элем да, кечинде эң акырында мен келип жатчумун. Ошондуктан, киного тартылуу үчүн грим жасатканга деле убакыт жок эле. Келбетим кандай болсо ошол бойдон тартыла берчүмүн. Менин эң көйгөйлүү маселем — сакалым бат өсөт. Ошондуктан, съёмка учурунда сакалым өсүп кетип көчөдөн эле муздак суу менен жууп, iPad планшетин күзгү кылып алып сакалымды кырчумун. Анын кесепетинен бетим кесилип, канап, көп кыйынчылык тарткам.

Рая Нургазиева:
«Кошунамдын көйнөгү да
киного жарабай калып…»
— Менин бул киного тартылып калганым кокусунан эле болду. Негизи киного тартылуу такыр оюмда жок эле, анан жайдын күнүөзүмдүн жеке концертимди берип калдым. Ошол жерден бирөө мага ушундай киного кастинг болуп жатканын айтып «катышып көр» деп сунуш кылып калды. Барып кастингге катышып кетип калгам. Көп убакыттан кийин режиссёрдун жардамчысы кастингден өткөнүмдү айтып чалып, тартылчу күнү «апанын ролуна кие турчу кийимдерди алып келесиз» деди. Менде жөнөкөй айылдык апа кие турган көйнөк жок, кошунамдын бир көйнөгүн алып баргам. Тасмага Бишкек шаарынын чет жагындагы бир айылга барып тартыла баштадык. Мен алып барган кошунамдын көйнөгү жарабай калып биз киного тартылчу үйдүн кошунасынын сандыгын аңтарып бир көйнөк таап кийип анан аткаргам.

Динара ЧОКОЕВА

Сообщение «Эми «Салам, Нью-Йорктон» да жакшы киного тартылгым келет» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

ОСФР по Москве и Подмосковью в текущем году компенсировало стоимость полиса ОСАГО более 600 жителям региона

Врач Сухорукова высказалась о пользе роллов

RT Arabic подписал два меморандума о сотрудничестве на иорданском форуме СМИ

Онлайн курсы видеомонтажа от Coursus

Музыкальные новости

Владимир Путин попросил передать послание духовному лидеру Ирана

ЦСКА и "Нижний Новгород" забили 8 голов в матче РПЛ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Новости России

Зампред Мособлдумы Наумов встретился с руководством Федерации шахмат Подмосковья

В Москве возбудили уголовное дело о хулиганстве после драки со стрельбой

Путин наносит ответный удар: В Китае рассказали, как Россия проучила Запад

В Москве стартовал Национальный конгресс эндокринологов

Экология в России и мире

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Спорт в России и мире

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Moscow.media

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

«Байкал Сервис» стал партнером Премии 2ГИС

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Уголовное дело возбудили после стрельбы и поножовщины на юге Москвы

Курс доллара на Мосбирже опустился ниже 90 рублей

Полпред РТ в РФ и ректор Финансового университета обсудили вопросы сотрудничества

Гейзер высотой с девятиэтажку забил из-за прорыва трубы на юго-востоке Москвы