Мы в Telegram
Добавить новость

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

В Очаково-Матвеевском построят бизнес-центр по городской программе

В Люберцах 40 детей-сирот обеспечат жильем в этом году

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

«Мёртвый сезондо» эмне менен алексиз? 14.01.14

Артистер акыркы учурларда мурдакы кездегидей айлап гастролдобосо дагы жыл бою болгон элдин жакшылык-тойлорунда кызмат кылышып,...

Сообщение «Мёртвый сезондо» эмне менен алексиз? 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Артистер акыркы учурларда мурдакы кездегидей айлап гастролдобосо дагы жыл бою болгон элдин жакшылык-тойлорунда кызмат кылышып, алардын дээрлик бош убактылары болбойт. Күздүн аягына чейин тойлордо ырдаган ырчылар жаңы жылда корпоративдик кечелерде ырдап, эми гана тыныгууда болуп калган учурлары. Январь айы чыгармачыл адамдар үчүн «мёртвый сезон» деп аталат. Бул учурда ким эмне менен алек болуп жаткандыгына кызыгып көрдүк.

Абдылда Иманкулов:
«Февралда болчу жеке концертиме даярдык көрөм»
— Жаңы жылда концерт коюп Орусияда болдум, андан келип 6-январда салт болуп калган «Ар бир айдын алтысы» аттуу концертибизге катыштым. Азыр болсо үйдө чалкалап эс алып жаткан учурум. Бирок, бул эс алуум көпкө деле созулбайт, анткени, кайра 6-февралда болчу «Ар бир айдын алтысы» концертине даярданышыбыз керек. Аны өткөрүп коюп 22-23-февралда болчу жеке концертиме даярдык көрөм. Мен 2013-жылы эң көп концерт берген, эң көп гастролдогон артист болдум десем болот. Жылдын башында борборубузда эки күн 50 жылдык чыгармачылык концертимди бердим. Билет баасы бир жарым миң сомго чыкты. Андан кийин Ошко барып төрт күндүн ичинде тогуз концерт бердим, күндүзгү дагы, кечки дагы сеанстарда залга эл батпай турду. Жалал-Абадга эки күн концерт беришим керек эле, элдин суранычы менен беш жолу концерт койдук. Ошондой эле айылдарга барбасам дагы райондун борборлорун кыдырып концерт коюп келдим. Кайда барбайын эл залга батпай турду. Мындан сырткары «Ар бир айдын алтысы» концертине катышып келе жатам. Кытайга эки жолу барып концерт коюп келдик. Бул концерттерден тапкам кирешем Кудайга шүгүр, мол болду. Ал кирешеме жакшы жерден жер тилкесин сатып алдым, балам машиналуу болду.

Гүлнара КАЛДАРОВА: «Кызым менен жылуу-жумшак үйдө жатам»
— Күздө тойлордон кол бошогон жок, Жаңы Жылда болсо концерттерге катышып, корпоративдик кечелерге чуркап жүрүп андан кийин тып эле олтуруп калдык. Ошондон пайдаланып мен кызым менен телевизор көрүп жылуу-жумшак үйдө жатам. Бир жактарга барып эс алып келсекпи десем кызым кичинекей, эшик суук болгондуктан, ары-бери алып жүргөндөн чочулайм. Азыр кызымды карап, үй иштери менен алекмин. Зээриксем интернетке кирип жакындарым менен баарлашам, пайдалуу кеңештерди окуйм. Ошондой эле жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып чыгармачылыгымды жандандырууга аракет кылуудамын. Өтүп кеткен жылда болсо мурунку жылдарга караганда жакшы иштедим. Мурда алысыраак жактарда чакыруу болсо барчу эмесмин. Бул ирет баарына барып жетишип, каражатты жакшы таптым. Тапкан каражатыма өзүмө машина сатып алдым.

Дайыр Исамадияров: «Кечээ эле Ошто болгон тойго барып ырдап келдим»
— Мен азыркы учурду «мёртвый сезон» деп айта албайм. Анткени, тойлор дагы деле болуп жатат, чакырып жатышат. Кечээ эле Ошто болгон тойго барып ырдап келдим. Аны менен бирге январь айы мен үчүн эс алуу жана чыгармачылыкты жандантып жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттыруу менен өтүп жатат. Учурда чет мамлекетке барып эс алып келүүнү пландап жатам. Кытайдын Шанхай аймагында жашаган кытайлык кыргыз тааныштарым «биз жакка келип эс алып кет, бардык чыгымдарың биздин эсептен болот» деп чакырып жатышат. Азыр алардын сунушун ойлонуп жаткан учурум. Негизи Шанхай аймагы суук болот деп уккам. Ошондуктан, жылуураак эле Дубайга же Гоага барып эс алсамбы деп дагы ойлоп жатам. Эс алуума ашып кетсе 3 миң АКШ доллары кетет экен. 2013-жылы катуу эле иштедим. Тапкан каражатымдын көп бөлүгүн курулуш иштерине жумшадым. Өзүмө там салып жаткам, буюрса, бүтөйүн деп калды.

Динара Акулова:
«Питерде жашаган кызыма, неберелериме жөнөгөнү турам»
— Ырчылардын дагы катардагы адамдардай эле өздүк жашоосу бар. Биз деле ата-эне, бала-чака, бир туугандарыбызга көңүл буруп, жакындарыбыз менен катышта болобуз. Бирок, биз баарын артка калтырып бир жыл бою күн болобу, түн болобу же майрам, жакшылык болобу эч нерсеге карабай эл үчүн кызмат кылып жүрө беребиз. Ошентип олтуруп биз үчүн жылына бир гана январь айында жакындарыбызга көңүл бурууга, эс алууга убакыт болот. Мен болсо күзүндө «жээн неберелүү болдум» деп кубанганым менен неберемди көрө элек болчумун. Учурда билет алып, даярданып Орусиянын Питер шаарында жашаган кызыма, неберелериме жөнөгөнү турам. Бирок, ал жакка дагы жөн барбай Питерде, Москва шаарында мени күтүп жаткан күйөрмандарыма концерт бере келем. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы жыл мен үчүн абдан кирешелүү жыл болду. Тапкан кирешебизге Малика экөөбүз тең машиналарыбызды жаңы маркадагы машиналарга алмаштырдык. Мындан башкасы сыр эле бойдон калсын, баарын айта берсем көз тиет, үйүбүзгө ууру кирет (күлүп).

Сайкал Садыбакасова: «Азыр кыздардын баары эс алууда»
— Жаңы жылдын алдында «Кыз-Бурак» тобунун кыздары үйлөрүнө тарашкан, азыр кыздардын баары эс алууда. Мен дагы Ошко барып Жаңы Жылды тосуп бир нече күн эс алып, жаңы эле Бишкекке келдим. Анткени, кыздар ушул айдын аягында кайра чогулушат, жаңы клип тартабыз. Мен азыр кыздардын кие турган костюмдарын тактап, клип тартуу иштерине даярдык көрүп жатам. Алар келсе эле кайра билек түрө чыгармачылыкка киришебиз. Өтүп кеткен 2013-жыл биздин топ үчүн ийгиликтүү жыл болду десем болот. Элдин жакшылыктарына чакыруулар көп болуп, кирешени жакшы таптык. Ошол тапкан кирешебизге жети костюм тиктирдик, 500 АКШ долларынан сарптап беш ыр жаздырдык. Жылдын аягында болчу концерттерге катышканга эле жаңы ыр жаздырып, ар бир кызга жаңы форма, ага жараша туфлиси менен сатып алып, концертке катышуу үчүн жасанганга, борбордо жашаган күндөрүбүздүн чыгымдарына болуп олтуруп 300 миң сомдой акча кетип калды. Жеке өзүм топто иштеп жыл бою тапкан айлык акымдын баарын апама бердим. Апам ал акчаларды Ошто салып жаткан үйүбүздүн курулуш иштерине жумшады.

Сыймык Бейшекеев: «Учурда үй-бүлөм менен көлдө эс алуудамын»
— 2013-жылды жемиштүү жыйынтыктадык. Жаңы жылдан кийин концерт, тойлор токтоп январь айы ырчылар үчүн эс алчу, үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл бурчу ай болуп калат да. Мен дагы бул айда үй-бүлөмдүн кашында болом. Алар менен өзгөчө эс алууну пландап жүрдүм эле, бир жумага кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө эс алууга келдик. Учурда үй-бүлөм менен «Кыргызское взморье» пансионатында эс алуудамын. Кыш айы болсо деле көлүбүз кооз эмеспи, көлдү карап, жээктеп басып рахат алып жүрөм. Эс алуум бүтүп борборго барсам, 23-февралда концерт бергени турам, ошого даярданам.

Гүлзат Байзакова: «Убактымдын көп бөлүгүн үйдөгү тириликке бөлүп жатам»
— Январь айы «мёртвый сезон» деп айтылганы менен мурдагыдай күндө болбосо дагы кээде тойлор болуп калып жатат. Чакырган жерлерге барып ырдап коюп жатабыз. Азыр болсо убактымдын көп бөлүгүн үйдөгү тириликке бөлүп жатам. Чынында, 2013-жылы чыгармачылыкта катуу иштедик, биринин артынан бири болгон тойлорго чакыруулар көп болду. Колдон келишинче жакшылыктарда элге жакшы маанай туртуулоого аракет кылдык. Жылдын аягында ал тойлордон тапкан кирешебизге борборубуздагы жаңы салынган элиталык үйлөрдүн биринен батир сатып алдык. Жаңы конушубуздун баасы жүз миң АКШ долларын чапчыды. Азыр ошол үйүбүздө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз.

Нурмат Садыров: «Эс алам деп үйдө жатып албай чакырган жерлерге барып жатам»
— Жаңы жылдан кийин деле жакшылыктарга чакыруулар болуп жатат. Эс алам деп үйдө жатып албай чакырган жерлерге барып жатам. Аны менен бирге азыр жаңы ыр жаздыруудамын. Эми ага клип тартып элге тартуулайм деп турам. 16-январда ырларымды жакшы көрүп уккан күйөрмандарымдын чакыруусу боюнча Таласка тойго барганы жатам. Андан кийин Ысык-Көлдө болчу тойго чакыруу бар. Орусиянын Сахалин шаарында мигрант болуп иштеп жүргөн мекендештерибиз «келип концерт коюп кет» деп суранып жатышат, буюрса, эки жумадан кийин Орусияга учуп кетем. Бул чакыруулардын баарына 2013-жылы ийгиликтүү жаралган «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген ырым себепчи болуп жатат. Ушул ырым жарыкка чыккандан тартып күйөрмандарым көбөйүп, мени тойлорго чакыргандар арбыды. Тойдон тапкан кирешемдин арты менен жаңы машиналуу болдум.


Сообщение «Мёртвый сезондо» эмне менен алексиз? 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

МЧС: плотный туман в Москве продержится до 7 утра 22 мая

До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

В ЯНАО ожидается штормовой ветер

Около 160 детей участников СВО из Ступина отдохнут бесплатно в лагерях

Музыкальные новости

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Наследие Шаляпина и Рахманинова представили на выставке-форуме «Россия»

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Новости России

Опять «Березка». В Москве хотят вновь открыть «магазин для избранных»

Вернблум извинился за что, что выступал в России

Лубянка — Трубная: детские сказки и взрослые ужасы

Даванков – о Fan ID: «Трибуны пустые, а значит, что закон не работает»

Экология в России и мире

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Спорт в России и мире

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Moscow.media

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Сон

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

Блинкен: США будут сотрудничать с ЕС по санкциям против КНР из-за ее поставок РФ

В Очаково-Матвеевском построят бизнес-центр по городской программе