Мы в Telegram
Добавить новость

Mehr: президент Ирана не пострадал в крушении вертолета

IRNA: точной информации о местонахождении вертолета президента Ирана нет

Вертолет президента Ирана совершил жесткую посадку из-за тумана

В Иране сформировали новое правительство после крушения вертолета Ибрахима Раиси



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дил маек

Мырзабек Жумаев:
«Студент билгенди окутуучу билбесе, андан өткөн шылдың жок»
Заман талабына жооп берген мыкты адистерди даярдоо ар бир окуу жайдын түздөн-түз милдети. Албетте, мындай жооптуу иштин түйшүгү алгач жетекчилерге жүктөлөт. Студенттердин ата-энелери, коомчулук жана заман талап кылып жаткан адистерге ойдогудай билим берип, тарбиялоо опол тоодой түйшүктөрдү жаратаары маалым. Биз менен ымандай сырын бөлүшө турган инсан дагы ушундай түйшүгү түмөн ишти мойнуна алып, заманбап адистерди даярдап чыгаруу үчүн күндүр, түндүр тынч албай иштеп, изденип жүргөн адам.
Ал — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, профессор Мырзабек Жумаев. М.Жумаев бул институтту 2008-жылдын башынан бери жетектеп келет. Агайдын жетекчилик жана окутуучулук эмгегин эмгек жамааты баалап жыл жаңыраар алдында «Жылдын мыкты окутуучусу» наамын ыйгарып жатышат.
Жыл аяктап жатканда ар бир инсан артына бир кылчайып, жасаган иштерине саресеп салып, анан келечекке болгон иш пландарын курат эмеспи. Биз дагы бул агайдын бир жыл ичинде жасаган иштери жана келечектеги ой-максаттары менен ой бөлүшүү максатында сөзгө тарттык.

— Мырзабек агай, алгач сөздү институттун ишмердүүлүгүнөн баштасак?
— Бул институт мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасына ылайык уюштурулган. Институт кыргыз тили, адабияты жана окутуу мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөн билим берүү мекемелерине мугалимдерди даярдайт. Аны менен катар чет тилдерин (англис, кытай) кыргыз тилине котормочу адистерди даярдоону жүргүзөт.
— Бул институт башкалардан эмнеси менен айырмаланат? Себеби билим берүү мекемеси талапка жооп береби, жооп бербейби ага карабай эле мактаганга кирет эмеспизби.
— Сиз айткандай менин мактанайын деген оюм жок. Бирок бир нерсеге токтоло кетпесем болбойт. Республика боюнча кыргыз тилин колдоого алып, атайын Мамлекеттик тил институту болуп иш жүргүзүп жаткан жалгыз биздин окуу жай. Карап көрсөңөр бир да жерде кыргыз тилин даңазалай турган бир да институт жок. Албетте, башка окуу жайларда кыргыз филологиясы факультеттери, бөлүмдөрү бар, бирок бүтүндөй бир институт эч жерде жок.
Мурун араб, немис тилдеринен кыргыз тилине котормочу адистерин да даярдачубуз. Бирок, тилекке каршы, мектептерде бул тилдерди окутуу көп бааланбагандыктан жана коомчулукка маалымат аз жеткендиктен каалоочулар аз болуп, бул адистикти жоюуга туура келген. Бирок заман талап кылып жаткандай, чет тилдерин билүү алдыңкы орунга чыгып жаткандыктан, кайра аны жаңы окуу жылында калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.
Албетте, азыр студенттерге заман арымына жараша билим берүү мезгил талабы болуп жатат. Бүтүндөй дүйнө ааламдашуунун кучагына сүңгүп кирген кезде биз дагы артта калбоонун аракетин көрүп келебиз. Бизде студенттердин мезгилге таламдаш билимге ээ болушу үчүн компьютердик класстар, мастер класстар иштейт. Азыркы жаштар жеке компьютердик технологияларды үйрөнүү менен гана чектелбестен, Интернет аркылуу билим алуунун глобалдык аренасына чыгууну талап кылышат. Ошондуктан алар үчүн Интернет аркылуу дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарындагы окуу жайлар, студенттер менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенбиз. Студенттер үчүн жалпы университеттин борбордук китепканасы, окуу залынан сырткары Институт дагы китепкана, окуу залдарды уюштуруп берген. Азыркы учурда китепкананын фонду 10000 жакын нусканы түзөт. Биз бул китепкана менен сыймыктана алабыз. Себеби ал жерде башка китепканалардай саны бар сапаты жок китептер текчеде тизилип турбайт. Ал жерде студенттерге зарыл болгон, заманбап окуу китептери орун алган.
— Жыл соңунда бардыгыбыз артка кылчайып, жасаган ишибизге каниет кылып, анан кийинки жылга план түзөт эмеспизби, жаңы кирип келе жаткан жылда алдыга койгон кандай максаттарыңар бар?
— Кирип келе жаткан жаңы жылда алдыга койгон максаттарыбыз көп эле. Кыргызда бүтө элек ишти төлгө кылып айтпайт эмеспи. Ошондуктан азырынча көп нерселерди жашыра туруп, жакын арада ишке аша турганына токтолсом. Биздин институт үчүн жагымдуу жагдай бул жылы корей тили адистигин ачуу болууда. Институтта мамлекеттик тилди үйрөнгөн чет элдиктердин тобу жана магистратура бар. Ошол топтун Кореядан келип, тил үйрөнгөн жана магистратураны бүткөн жарандары корей тили боюнча котормо адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү сунушун киргизип жатышат. Элчилик менен болгон сүйлөшүүлөрдө алар окуу китептери, куралдары жана эң башкысы окутуучулар менен камсыз кылууга даяр экендиктерин дилгирлик менен билдиришти. Кудай буюрса, 2009-10-окуу жылында эки жаңы бөлүм ачууну болжоп жатабыз. Албетте, адистерди даярдоонун бүгүнкү күндө талабы өстү, милдети да мурунку мезгилден алда канча жогорулаган, татаалданган. Муну туура аңдаган биздин жетекчилик дагы институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөктөшүп жатат.
— Студенттерге жогорку сапаттагы билим берүү үчүн окутуучулар курамынын ролу чоң эмеспи, студентке сабак өткөн мугалим жогорку билимдүү болбосо студенттердин арасында кадыры түшүп, устат болуу бактысынан айрылат. Студенттер андай мугалимди укмак түгүл, көрсө тескери карап басып кетет.
— Ооба, силер айткандай билимдүү адисти даярдап чыгаруу үчүн окутуучунун билиминин деңгээли абдан чоң ролду ойнойт. Мисалы студент билгенди окутуучу билбей отурса андан өткөн шылдың жок. Кудайга шүгүр биздин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык деңгээли абдан жогору. Институтта төрт илимдин доктору, сегиз профессор, он эки илимдин кандидаты эмгектенет. Биздин окутуучулар курамыбыздын эң бир жакшы артыкчылыгы кыргыздын белгилүү жазуучу-акындарынын студенттерге билим бергендиги. Мисалы, Кеңеш Жусупов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов сыяктуу акын-жазуучуларыбыз жана адабиятчы-сынчылар: Садык Тиллебаев, Рахима Сыдыкова, Т.Жумаева сыяктуу көрүнүктүү, эл оозуна алынган илимпоздор студенттерге сабак беришет. Алардын ар бир айткан сөзү, акыл-насааттары студентке чоң таасир калтырат. Жөнөкөй окутуучуга караганда ошондой адамдардын айткандары жугумдуу болуп, өз натыйжасын берип жатканын биз өз көзүбүз менен көрүп, күбө болуудабыз.
— Кыргыз тилин, адабиятын окутууда көңүлгө аларлык кандай ыкмалар бар, учурда студенттерди окууга тартуу маселеси абдан чоң болуп жатпайбы?
— Биз эң алгач студентке теориялык гана билим бере бербестен өтүлгөн темалар боюнча акын-жазуучулар, илимпоздор менен жолугушуулар, адабий, эскерүү кечелерин, илимий-проблемадагы конференцияларды байма-бай өткөрүп турабыз. Мындай ыкманын практикалык мааниси чоң. «Бир көргөндөн миң уккан артык» дегендей, студенттер теориялык өткөн сабактарын практика менен айкалыштырып, китептен окуган акын-жазуучуларды өз көздөрү менен көрсө, өз оозунан өмүр баянын, басып өткөн жолун укса өтүлгөн сабак эффективдүү болуп, өз натыйжасын берет. Биз ушул жагын көп практикалап жүрөбүз. Ушул жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арнап көптөгөн отурумдарды, иш-чараларды өткөрдүк. Анын жыйынтыгы ийгиликтүү болуп, университет аралык окуулардын жыйынтык фестивалында биздин студенттер алдыңкы орундарды камсыз кылышып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми жетекчилик дагы мындай алдыңкы студенттерди кур кол калтырбай, ар кандай сыйлыктар: акчалай сыйлыктар, Ардак грамоталар, Мактоо баракчалары менен сыйлап турат. Студенттердин демилгесин, проблемаларын чечүүдө студенттик парламент, окутуучулар жамааты тыгыз байланышта иш алып барышат.
— «Аял жакшы — эр жакшы» дегендей, биздин билишибизче өмүрлүк жубайыңыз дагы илим жолуна түшкөн киши. Ал сиздин ишиңизге бир топ эле жөлөк болсо керек?
— Сиз жогоруда айткан кыргыздын сөзү эң туура жана таамай айтылган сөз. Өмүрлүк жубайым Гүлгаакы Жумаева дагы илим жолуна түшкөн киши. Үйдө да, жумушта да бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келебиз. Негизи эле бир үйдө эки илимпоздун жашашы жакшы болот экен. Ар дайым бирибизди бирибиз толуктап турабыз. Ал дагы филология илимдеринин кандидаты, доцент. «Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгы» типтүү программасы, «Ч.Айтматовдун чыгармаларында муундар байланышы проблемасы» аттуу окуу китеби сыяктуу бир топ китептердин, типтүү программалардын автору.
— Жаңы жыл алдында Кыргызстан элине кандай каалоо-тилектериңер бар?
— Кыргыз элинде «Өткөнгө камчы үйрүсөң, келечек сени ташбараңга алат» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары, кыргыз элимди эртеңки күнгө үмүт менен карап, өткөндү караңгы санабай жакшы жактарын да эстеп, жашоону улантууга чакырат элем. Кыргыздын бир жөнөкөй атуулу катарында калкыбызга тынччылык, ыймандуулук, ток пейилдик, өз ара улуусуна насааттуулук, кичүүсүнө ызааттуулук мамилени, анан, албетте, ден соолукту, өзгөчө балдардын бактылуу болушун каалап, кудайдан келечегибиз кең болушун тилеп келем. Бар болгула кыргызстандыктар, жаңы жылыңыздар менен демекчимин!

Мырзабек Жумаев 1950-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин ийгиликтүү аяктагандан кийин, эмгек жолун Кыргыз илимдер академиясынын кенже илимий кызматкерлигинен баштап, 1989-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. Жөнөкөй окутуучудан, улук окутуучу, доцентке чейин жогорулаган. Жалпы эмгек стажы 40 жылды түзөт.
М.Жумаевдин жарыяланган илимий эмгектеринин саны жүздөн ашуун. Анын ичинен эки томдук «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», жети томдук «Кыргыз адабиятынын тарыхы» китептери адабият майданында орчундуу орунду ээлейт.
Ал Мамлекеттик тил жана маданият институтун 2008-жылдан бери жетектеп келет. КР Билим берүүнүн отличниги, Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Маектешкен
Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим».

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

В ЯНАО ожидается штормовой ветер

В Очаково-Матвеевском построят бизнес-центр по городской программе

Народные тропы благоустроили в Воскресенске

Музыкальные новости

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

NYT: встреча Путина и Си Цзиньпина показала непоколебимость поддержки РФ Китаем

Минское «Динамо» одолело «Шахтер» на финише 9-го тура чемпионата Беларуси

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Новости России

Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Феликс Коробов и Андрей Литягин проведут в Воронеже фестиваль, посвященный Испании

В Москве благоустроят сквер в Отрадном

Лубянка — Трубная: детские сказки и взрослые ужасы

Экология в России и мире

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

Хейтеры набросились на Волочкову после отпуска на Мальдивах

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Спорт в России и мире

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Moscow.media

В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Главы МЧС и Минприроды РФ доложили Владимиру Путину о паводковой обстановке в Оренбуржье, Тюменской, Курганской и Омской областях











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

Около 160 детей участников СВО из Ступина отдохнут бесплатно в лагерях

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

МЧС: плотный туман в Москве продержится до 7 утра 22 мая