2-сентябрда Баткен шаарында "Түштүк-2021" деген аталышта биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу ишин баштады.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ачылыш салтанатка министр Таалайбек Өмүралиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана башка мамлекеттик мекемелердин, күч кызматтарынын жетекчилери катышты.
Аскердик машыгуу 2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтөт. Иш-чарага Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат.
Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты - аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.
7-9-сентябрда Кыргызстанда Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөт. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өтөт. (ZKo)