Түркия өкмөтү Баткенде бош жаткан 1000 гектар жерге мөмө-жемиштин бир нече түрүн өстүрүүгө жана анын түшүмүн кайра иштетүү үчүн ишкана ачууга көмөктөшөт.
Мындай маалымат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Баткенге барганда белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү тараткан маалыматта Түркия кол кабыш кыла турган каражаттын көлөмү жана аны ишке ашыра турган убактысы айтылган эмес.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36, тажик тараптан 19 адам курман болгон.
Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган.
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда толугу менен талкаланган 136 үй Түркиянын жардамы менен курулуп жатат. (JsA)