Характер маанилүү мүнөттөрдө көрсөтүлүп, кадимки учурларда калыптанат. Уинстон Черчилль Лидерлик – бизнестеги ийгиликтин же тескерисинче урап түшүүнүн негизги фактору. Атаандаштык күч алган рынокто өзүңдүн компанияңды ийгиликке жетүү үчүн алдыга сүрөп алып чыгуу жөндөмдүүлүгү жөн гана зарыл эле эмес, ансыз болбой турган маанилүү нерсе. Канчалык лидер катары калыптанууга умтулсаңыз мекеменин ар бир тармагындагы иштерди […]
Сообщение I Бөлүм Лидердин жүрөгү появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.
Характер маанилүү мүнөттөрдө көрсөтүлүп, кадимки учурларда калыптанат.
Уинстон Черчилль
Лидерлик – бизнестеги ийгиликтин же тескерисинче урап түшүүнүн негизги фактору. Атаандаштык күч алган рынокто өзүңдүн компанияңды ийгиликке жетүү үчүн алдыга сүрөп алып чыгуу жөндөмдүүлүгү жөн гана зарыл эле эмес, ансыз болбой турган маанилүү нерсе.
Канчалык лидер катары калыптанууга умтулсаңыз мекеменин ар бир тармагындагы иштерди ошончолук оңой аткара аласыз. Бактыга жараша лидер болуп туулбайт, лидер болуп калыптанат. Питер Дуркер жазгандай, «балким лидер болуп туулгандар бар чыгаар, бирок алардын аздыгынан экономиканын жалпы абалына эч кандай таасирин тийгизе алышпайт».
Лидерлер – бул ийгиликке өз күчү менен жеткен адамдар. Алар дайыма билим алып, жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйба топтоп өздөрүнүн үстүнөн үзгүлтүксүз иштегендиктен жыл өткөн сайын алардын тажрыйбалуулугу, компетенттүүлүгү артат. Адатта лидерлик, адамдан өзүн-өзү алып жүрүү сапатын көрсөтүүнү талап кылган учурларда байкалат. Менеджер көп жылдар бою өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып керектүү жыйынтыктарды бериши мүмкүн. Бирок лидерлик сапаттарды талап кылган кризис маалы келген учурда, алдыбызда лидер пайда болот дагы абалды өз көзөмөлүнө алат; бул учурда адам толугу менен өзгөрүп башка адамга айланганын көрөбүз.
517 total views, 18 views today
Сообщение I Бөлүм Лидердин жүрөгү появились сначала на Кыргыз китептер жана архив гезиттер.