Мы в Telegram
Добавить новость

В ХАМАС назвали условие для освобождения заложников из России

Почти 10 млрд рублей поступило в бюджет Подмосковья от распоряжения имуществом

В Подмосковье отремонтировали дороги, ведущие к спортивным объектам

Подмосковные энергетики обеспечили надежное электроснабжение котельной



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Франциянын мурдагы президенти Саркози абак жазасына кесилди

Франциянын мурдагы президенти Саркози абак жазасына кесилди

Дүйшөмбү күнү Франциянын мурдагы президенти Саркози жемкорлукка байланыштуу кылмыш иши боюнча шарттуу эмес, нагыз абак жазасына кесилди. Ал башка кылмыш иштери боюнча да жооп берип жатат.

Париждеги сот дүйшөмбү күнү (1-мартта) Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини (Nicolas Sarkozy) жемкорлукка аралашкан жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген доолор боюнча күнөөлүү деп таап, нагыз абактык жазага кескенин Франциянын радиосу жана башка булактар билдирди.

Ал үч жылга эркинен ажыратылды, бул мөөнөттүн эки жылы – шарттуу жаза болуп саналат. Прокуратура болсо соттон Саркозини төрт жылга эркинен ажыратуу тууралуу суранган.

2007–2012-жылдары Франциянын президенти болгон Саркози сот жүрүмү учурунда өзүнө карата бул иш боюнча айыптоолордун бардыгын четке какты. Бул сот жүрүмү Франциянын заманбап тарыхында мурдагы президент өлкөнүн мамлекет башчысы кызматын ээлеп турганда жасалган жемкорлук кылмыштарга байланыштуу сот жообуна тартылган алгачкы учур болуп калды.

Саркози менен бирге бул иш боюнча айыпталуучулар катары анын адвокаты Тьерри Эрзог жана Кассациялык соттун мурдагы жогорку даражалуу кызматкери, Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Жилбер Азибер сотто жооп беришти.

Бул экөөнө тең жемкорлук кутумга катышкан деген доо коюлган. Үчөөнө тең прокуратура төрт жылга эркинен ажыратуу жазасын (алардын ар биринин эки жылын – шарттуу түрдө жаза катары) берүүнү суранган.

66 жаштагы Саркози 2014-жылы өзүнө карата жүргүзүлгөн тергөө иштери боюнча маалыматтарды Кассациялык соттун мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Азибер мырзадан мыйзамсыз алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан.

Бул эски кылмыш ишинде Саркози мырза айтылуу L'Oreal компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Лилиан Беттанкурдан 2007-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоо үчүн каражат алды деген доого байланыштуу тергөө жүргөн болчу.

Ишкер жана демөөрчү Лилиан Беттанкур (Liliane Bettencourt; 21.10.1922, Париж – 21.9.2017, Париж) өз доорундагы дүйнөнүн эң бай аялдарынын бири болгон. 2017-жылдын январына карата анын байлыгы 44,6 миллиард долларга тете деп бааланган.

Беттанкур айымдан 2007-жылкы шайлоо өнөктүгү үчүн мыйзамсыз каражат алды деп шек кылынган эски кылмыш иши боюнча Саркози 2013-жылы эле акталып чыккан. Бирок тергөө мекемелери таптакыр башка иш боюнча Саркозинин өз адвокаты менен тымызын сүйлөшкөн сөздөрүн чечмелеп жатып, мурдагы президентке карата айыпты жаңыртуу үчүн жаңы жагдайга туш келишкен.

Тергөө 2014-жылдын февраль айында жашыруун байланыш шартында жүргүзүлгөн телефон сүйлөшүүлөрүн бутага алган. Тергөөнүн жоромолу боюнча, Саркози менен Эрзог аткаминер Азиберге жашыруун маалыматтын акысы катары Монакодогу кызмат ордун убада беришкен. Натыйжада убада деле аткарылган эмес, бирок прокуратура Франциянын мыйзамдарына ылайык баары бир жемкорлук кылмышы айдан ачык деп санады.

Саркозинин жактоочулары болсо өз кезегинде бардык иш Саркози менен адвокат Эрзогдун эч кандай маани берүүгө арзыбаган сүйлөшүүсүнө негизделген деп эсептеп, доону четке кагууга умтулган.

Эми Саркози жана аныкына окшош жаза алган берки эки өнөктөшү да бул сот өкүмүнө каршы он күндүн ичинде арыз менен кайрылууга акылуу.

Кийинчерээк, март айында Саркози жана дагы 13 адам башка иш боюнча сот жүрүмүн күтүп жатышат. Бул ишке ылайык, алар 2012-жылы Саркозинин президенттик шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылаган деп айыпталууда.

Ошол кезде Саркози жетектеген «Элдик Кыймыл үчүн Биримдик» партиясы шайлоо өнөктүгүнө 42,8 миллион евро чогулткан деп шектелип жатат. Бул каражат – мыйзам тарабынан белгиленгенден эки эсе көп. Ага карабастан, Саркози 2012-жылдагы президенттик шайлоодо утулуп, социалист Франсуа Олландга орун бошоткон болчу.

Мындан тышкары, Франция бийлиги Саркозиге каршы башка бир доону да иликтөөдө.

Бул доого ылайык, ал 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгү үчүн ошол кездеги Ливиянын диктатору Муаммар Каддафиден олуттуу көлөмдө акча алган деп айыпталып жатат. Тергөөчүлөрдүн айтымында, мында шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоо, кылмыштуу кутум, Ливиянын уурдалган мүлкүн жаап-жашыруу өңүттөрү жөнүндө да сөз кетүүдө. Саркози өзү бул айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

«Ассошиэйтед пресс» (AP) агенттиги белгилегендей, Саркози, 2017-жылдагы Франциядагы президенттик шайлоонун ирегесинде консерваторлордун ички жарышынан чыгып калгандан кийин, коомдук саясий турмушка катышпай калган.

Бирок Саркози оңчул турумдагы шайлоочулардын арасында кадыр-барктуу бойдон кала берди. Ал Франциянын учурдагы президенти Эммануэл Макрон менен байланышын сактап, айрым маселелер боюнча ага кеңеш берип, Франциянын саясий турмушунда дагы эле маанилүү ролду ойнойт, деп жергиликтүү агенттиктер жана басылмалар белгилешет.

Саркозинин 2020-жылы жайында жарыкка чыккан «Бороон-чапкын мезгили» ("Le Temps des tempetes") деп аталган эскерүү китеби бир нече апта бою өлкө боюнча мыкты сатылган китеп («бестселлер») болуп турду.

Айтмакчы, 2011-жылы Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коомдук корго таандык каражатты уурдаган деген доо боюнча айыптуу деп табылып, эки жылга шарттуу кесилген.

Бирок ал ден-соолугуна байланыштуу бир дагы сот отурумуна келген эмес. 2019-жылы Ширак 86 жаш курагында көз жумган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Покажут и накажут: москвичам рассказали о правилах использования СИМ

Грузия готова восстановить отношения с Россией: Источник раскрыл подробности

Вышита страна моя родная. Где в столице хранится уникальная тканевая карта?

Mtavari Arkhi заявил о работе Грузии по восстановлению дипломатических отношений с Россией

Музыкальные новости

"Евро-Футбол.Ру": "Спартак" летом купит форварда только в случае ухода Соболева

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Торжественная церемония закрытия VII Международного Фестиваля театральных школ стран БРИКС+ на ВДНХ

Стал известен список мест для празднования Курбан-байрама в Подмосковье

Новости России

Ежегодный музыкальный фестиваль «Белое озеро» прошел под Воскресенском

На Российском туристическом форуме «Путешествуй!» расскажут о десяти причинах полюбить Заполярье

В ГД призвали исключить астрологов из перечня общероссийских классификаторов

Bloomberg: ЕС намерен ввести санкции против «Совкомфлота»

Экология в России и мире

Комплект зубных щеток для детей Revyline S4800 "Чебурашка" появился в филиале бренда в Уфе

Новый тип туров в Турцию начали раскупать российские туристы: вместо отеля им предложено нестандартное размещение

У сервисного локомотивного депо «Россошь – Пассажирская» появилась своя автомотриса

Парадоксы двойного стандарта

Спорт в России и мире

Глава ATP вручил Яннику Синнеру награду первой ракетки мира

Сафиуллин не смог пробиться во второй круг турнира ATP в Штутгарте

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

Испанец Алькарас выиграл у Зверева и стал победителем Roland Garros

Moscow.media

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»

Heroje H288BW- портативный сканер штрих-кодов с интерфейсом Bluetooth

Портативный сканер штрих-кодов Heroje C1271 промышленного класса

Каршеринг BelkaCar запустил летний спецпроект «Умные путешествия»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Вышита страна моя родная. Где в столице хранится уникальная тканевая карта?

Грузия готова восстановить отношения с Россией: Источник раскрыл подробности

Ежегодный музыкальный фестиваль «Белое озеро» прошел под Воскресенском

Полицейские Одинцова вручили семье из США разрешение на временное проживание в РФ