28-февралда Алматыда полиция тынч митингге чогулгандарды курчап алып, эч жакка жылдырбай койду. Казакстанда бир катар шаарларда нааразылык чараларга чыккандар бийликтен реформаларды, саясий туткундарды бошотууну жана “Назарбаевдин мамлекеттик башкаруудан биротоло кетишин” талап кылышты.