Бишкекте бүгүн, 12-февралда, №13 мектеп гимназияда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Саламаттыкты сактоо министрлиги, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилери мектеп директорлору мнен, жана ошондой эле, ата-энелер менен жыйын өткөрдү.
Жыйында шаардагы мектептерди аралыктан окутууну токтотуп, салттуу билим алуу качан ачылары талкууланууда.
Анда сөз сүйлөгөн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баш калаада коронавирус жана сасык тумоо инфекциясына байланыштуу абал кооптуу бойдон калып жатканын айтты.
"Январь айында Бишкекте 43 балада коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 13ү мектеп окуучулары. Азыркы тапта курч респиратордук сасык тумоо оорулары да күч алууда. Ошондуктан шаардагы балдардын стационарлары толуп калды. Январь айынан бери 6 мугалимге оору жукту. Эпидемиологиялык кырдаал начар".
Жолугушууга келген Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өлкөдөгү жалпы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин балдарда оору күчөп жатканы тууралуу билдирүүсүн тастыктап, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырды.
9-февралда Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" январь, февраль айында оору күчөп, пневмония менен 150дөн ашуун бала ооруканада жатканын, анын жыйырмадан ашыгы оор абалда экенин маалымдаган. (BCh)