Ильяз АБДЫРАЗАКОВ: — Таңды кандай атырып, кечти кантип батырасың? — Арбир таңда өмүрдүн дагы бир күндүк барагын ачканыма, Күндүн нурун дагы бир ирет көргөнүмө ыраазылык...
Сообщение «Ар кечте өзүмдөн отчет алам» появились сначала на presskg.
— Таңды кандай атырып, кечти кантип батырасың?
— Арбир таңда өмүрдүн дагы бир күндүк барагын ачканыма, Күндүн нурун дагы бир ирет көргөнүмө ыраазылык айтам. Ал эми арбир кечте жаратканга шүгүрчүлүк келтире, эмне иш пландадым эле, канчасын аткарып үлгүрдүм деп өзүмдөн өзүм отчет алам. Эгер көпчүлүгүн аткаралган болсом, ошол түнкү уйкум тынч болот.
— Сен үчүн жашоо маңызы эмне?
— Адам болуп жаралган соң, адамга тагылган милдеттерди аткарып, бактысына жазылган ырыскыны көтөрө билип, ага катар тагдырдын сыноосунан да татыктуу өтүп, адамзаттык акыйкатты табууга умтулуу.
— Турмушта кандай принциптер сени жетектеп келет?
— Турмуштук негизги принцибим — эч качан бирөөгө кымындай да жаман ой каалаба, жамандык жасаба, эгер бул ишке бара турган болсоң, анын залалы сага эки-үч эселеп кайтат. Ак ой самап, ак жүрсөң тагдырың да ошого карата түзүлөт.
— Баалуулуктарың кандай?
— Талант, муза, сахна, арбир чыгармам…
— Кандай сапаттарың сага тоскоол этип, кандай сапаттарың көп жардам берет?
— Аз-маз жалкоолугум тоскоол этиши мүмкүн. Турмушта көбүнчө жөнөкөйлүгүм көп нерсеге жеткирет.
— Дүйнөдө сен үчүн ыйыктын ыйыктыгы эмне?
— Ата-эне, биртууган, элдин назары.
— Артыңда кандай из калтыргың келет?
— Кудай чыгармачылык тагдырды маңдайга жазыптыр. Ушул иштин өтөөсүнө чыгып, өсүп-өнүгүп, өмүрү узак чыгармаларды калтыргым келет.
«Ак менен кара сызыгы — турмуштун ошол кызыгы»
— Бактылуусуңбу?
— Бактылуумун. Себеби, ушул күндө жашап турам, жакын адамдарым аман, элге колумдан келишинче кызмат кылууга кудай берген мүмкүнчүлүк бар.
— Бакыттын атайын бир рецеби болобу?
— Адам өз бактысын өзү курат. Ал эми ага таасир этчү негизги факторлор — чың денсоолук, алты санынын амандыгы, жандүйнөнүн тазалыгы, жалгыздыктан оолактыгы, сүйгөн иши, үйүндө күткөн киши.
— Эмнеге сыйынып жашайсың?
— Алла таала, ата-энем, нан таап аткан ишим. Элементардык эле нерсе, машинем да мен үчүн ыйык. Анткени, арбир күнү рулга олтуруп атканда өмүрдү тобокелге саласың, ошол себептен, улам рулду кармаган сайын аткарчу ырымдарым бар.
— Жашоонун таттуулугун көп татасыңбы же азабы да чырмаган учур болобу?
— Кудайга шүгүр, жашоо ачуусунан таттуусун көп татытат. Бирок, негедир, таттуулугун батыраак унутам. Табиятым ушундайбы, жабыркаган учурлар көпкө көкүрөк көзөйт. Бирок, кийинкисинде мурдагыдан бийик стадияга чыгып калганымды сезем.
— Адам динсиз жашай берсе болобу же сөзсүз бир ишеним менен жашоосу зарылбы?
— Батышты билбейм, бирок, чыгыш элдерин дин гана тизгиндей алат деп ойлойм. Тарыхтан деле карасак, чыгыштагылар согушчул, кызуу кандуу келебиз. Бийлик, мансап, байлык дегенде башкачабыз, ошол себептен, кандайдыр бир күч болушу керек. Чыгышка дин абдан маанилүү. Мындан сырткары, дин ички да, сырткы да дүйнөнүн тазалыгын арттырат.
— Бул дүйнөгө катар дагы бир аалам бар дегенге ишене аласыңбы?
— Ишенем. Анткени, түш менен көбүрөөк байланыштырам. Мисалы, арабыздан кетип калган адамдардын түшкө киргени, дале болсо, аңсезимибизде жашаганы, түш же белги менен жол таап келип, биздин жашообузга аралашып жүргөнү ого бетер бизге катар дагы бир дүйнөнүн бар экендигинен кабар берет. Эгер биз тигил дүйнөгө узаткан адамдар чындап эле кеткен болсо, анда аты-жыты менен жок болмок.
— Адамзат азаптарынын себебин эмнеден көрөсүң?
— Ак менен кара дайым бири-бирин жандап жүрөт. Ошого карата адамда салыштыруу жаралат. Диний көзкарашта — спирт ичимдиктери, баңгизат, СПИД — бул аңсезимди шайтан ээлеп алганы, сол жакка азгырганы. Жогоруда санап өткөн азаптар — бул адамдарга коюлган чек да болушу ыктымал. Мисалы, СПИД болбосо, интимдик катнаштын чеги болбой, эч кандай коркунуч туулмак эмес, адамдар моралдык жактан аябай жабыркамак. Ал эми илимий багытта, менимче, бул теңсалмактуулук. Алкоголь, баңгизатка алдырган адамдардын турмушунун жыйынтыгы менен коомдун каймактарынын же жөн гана бактылуу бир үйбүлөлөрдүн жараткан ийгиликтери салыштырылат, теңсалмактанат.
Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы
Сообщение «Ар кечте өзүмдөн отчет алам» появились сначала на presskg.