Коопсуздук кеңешинин катчылыгы эркин эксперттердин менен биргеликте 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттер жана себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
26-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбековго жаңы стратегиянын долбоорун доклад кылды. Жакынкы күндөрү долбоор Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланат.
Жаңы стратегия жазууда эки жыл аралыгындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы чыгарылган. Дамир Сагынбаев стратегияда коррупция менен системалуу күрөшүү жана жаңы механизмдер камтылганын билдирди. Ошондой эле катчы декларация тапшыруу боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда экенин билдирди.
«Аталган мыйзам долбоору менен антикоррупциялык механизмдер киргизилет жана бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерине көзөмөлдөө олуттуу катаалдаштырылат. Аны кабыл алуу менен биздин декларациялык компания бир топ эле натыйжалуу болот», - деди Сагынбаев.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуда заманбап санарип технологияларды колдонуу керек экенин билдирди.
2020-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.
«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (TSh)