2-августта таңкы саат жети чамасында катуу жааган жамгырдан Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылында сел жүрүп, үч үйдү, эки сарайды жана ички жолдорду каптады. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
1-августта катуу жааган жамгырдан Нарын районунун Куланак айылындагы каналдан суу ташып 28 үйдү суу каптаганы аныкталды. Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунан барчу жолдо катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, каттам токтогон. Жети-Өгүз айыл өкмөтү жолдон өтө албай калган эки жүздөй эс алуучуну Жети-Өгүз курортуна жайгаштырды. Учурда жолду тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми 31-июлда Кара-Кулжа районундагы селден Күйөө-Таш айылында 12 үйдүн короосун жана беш үйдүн ичин суу каптаган. Коо-Чаты айылында 25 турак үйдүн короосун суу каптады. Ошондой эле Оштун айрым район аралык жолдорунда сел жүрүп, каттам татаалдашкан.
Акыркы бир аптадан бери нөшөрлөп жааган жамгырдан Кыргызстан аймагындагы бир райондордо сел жүрдү. "Кыргызгидромет" сел жүрүү коркунучу тууралуу чукул эскертүүнү тынбай таратууда. Азырынча республика боюнча селдин кесепеттеринин чыгымдары жөнүндө айтыла элек. (TSh)