Коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин чыгашасын кыскартууда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджети дээрлик 70 пайызга азайтылганы айрым спортчулардын нааразылыгын жаратты.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бул улуттук командалардын машыгууларына гана эмес, жаштар менен иштөөгө да кедергисин тийгизет деп эсептейт:
“Биздин бюджеттин 50 пайызы айлык менен социалдык төлөмдөр. Калганы спорттук мелдештерге сарпталат. Эң негизгиси - спортчулардын машыгуулары, алардын эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн жумшалуучу акча, тамак-ашы жана дары-дармеги. Ошолордун баары биригип 45 пайызды түзөт. Азыр анын 25 пайызы гана калтырылды. Мурдагы бюджетте 400 милион сомдон ашык каражат бөлүнгөн болсо, азыр анын 311 миллион сому кыскартылды. Кырдаалды биз да түшүнүп турабыз, кыскартсын, бирок 75% эмес, жок дегенде 50% пайызы кесилсе жакшы болмок", - деди Канат Аманкулов.
14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бюджеттин чыгашасы көбүнчө маданият, спорт тармагындагы иш-чаралардын өтпөй калганына байланыштуу кыскартылганын билдирген. Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй калары кабарланган. Өкмөт бул кенемтени толтуруш үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүн 10,3 млрд. сомго азайтууну көздөөдө.(GT)