Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын көздөрү көрбөй майып болуп калган учурлар кездешет. Өлкөдө мындай балдардын көзүн дарылап, текшере турган жабдуу жана кесипкөй адистер жок. Ушундан улам салмагы 1 килограммга жетпей төрөлгөн балдарда көздүн чел кабыгы өспөй, көздөрү көрбөй майып болуп калып жатышат.