Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты. 62 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Тыныбекова 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.
Алгачкы беттешинде Тыныбекова мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңген.
Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандан 4 балбан кыз катышууда. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген.
Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)