АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялар күчөтүлөрүн жарыялады. Ал тиешелүү буйрукту өлкөнүн Финансы министрлигине берген.
Тегеранга карата мындай чара Сауд Аравиясындагы мамлекеттик мунай кендерине дрондон чабуул жасалгандан кийин кабыл алынууда.
14-сентябрда, Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул жасалган. Бул үчүн жоопкерчиликти йемендик хусит козголоңчулары алган болчу.
Бирок Кошмо штаттар чабуулдарды козголоңчулар өздөрү уюштурганына ишенбей, “анын артында Иран турат” деп жарыялаган. Расмий Тегеран олсо бул чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.
Сауд Аравиянын жетекчилиги окуяны иликтеш үчүн БУУнун көз карандысыз эксперттерин чакырууну көздөп жатат. Эр-Рияд чабуулга Ирандын катышын ырастачу далилдер бар экенин айтууда.
Чабуулдан улам Сауд Аравия мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартты. Бул окуядан кийин дүйнөлүк мунай рыногунда чийки зат беш пайызга жакын азаяры айтылууда.