Пакистандагы маалымат каражаттары, укук коргоочулар жана оппозициячыл саясатчылар өлкөдөгү журналисттерге байланыштуу иштердерди кароочу атайын трибунал түзүү боюнча өкмөттүн планын кескин айыпташууда. Алар мындай аракетти сөз эркиндигин кысымга алуучу кадам катары кабыл алышууда.
Пакистандагы гезиттер коому, 18-сентябрда мындай чечим кабыл алынса өлкөдөгү маалымат каражаттар үчүн «кара күн болот» деп жарыяласа, Адам укугу боюнча комиссия өкмөттү сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан ушул аптада маалымат каражаттары үчүн сотторду түзүү планын бекиткен. Өкмөт башчынын маалымат каражаттары жана радиоберүү жаатындагы атайын жардамчысы Фирдус Ашик Авандын айтымында, мындай органдын түзүлүшү журналисттерге байланыштуу сотторду тез жана адилеттүү каралышын шарттайт.
Учурда маалымат каражаттарына байланыштуу арыздарды Пакистандын электрондук маалымат каражаттарын тескөө боюнча органы жана басма сөз боюнча кеңешинде каралып келген.