Чүй облусунун аймагында УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, Орусиянын жарандарын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тушунан орус жарандарынын автоунаасын белгисиз адамдар токтоткон. Алар өздөрүн УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырып, документтерин жана сумкасын көрсөтүүнү талап кылган.
Документти текшерүү маалында алар орус жарандарынын сумкасындагы 10 миң рублди алып, из жашырган.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “ Уурулук” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө 41 жана 47 жаштагы эки жаран Бишкек шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Териштирүү маалында кылмышка шектүүлөрдүн УКМКда иштебей турганы аныкталган.(BkA)