Токаевдин жарлыгына ылайык, президенттик аппаратынын жетекчиси болуп Ерлан Кошанов дайындалды. Кошанов буга чейин Караганда облусунун губернатору болуп келген. Ал эми Токаевдин аппаратын эки ай мурун гана жетектей баштаган Крымбек Кушербаев Мамлекеттик катчылыкты аркалайт. Ошондой эле мурдагы тышкы иштер министри Бейбит Атамкулов индустрия жана инфраструктура министрлигине дайындалса, өлкөнүн башкы дипломаттыгын эми Мухтар Тлеуберди аткарат.
Казакстандын бир нече өлкөдө элчиси болгон Тлеуберди акыркы мезгилде тышкы иштер министринин биринчи орун басары болчу.
Быйыл март айында өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен өз ыктыяры менен кеткен соң президенттикке киришкен Касым-Жомарт Токаев ушуну менен үчүнчү ирет аппарат жетекчисин алмаштырууда.(BkA)