Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.
Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты. Жарадарларга президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бирок анын суммасы канча экени айтылган жок.
16-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракат алган. Алардын ону Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына толугураак дарыланууга жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалы азыр туруктуу экенин белгилеп жатышат. Беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат. Атышууда жаракат алган үч киши Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын абалы оор деп айтылууда. (КЕ)