2018-жылга карата статистика боюнча кыйноо тууралуу арыздардын 92 пайызы милицияга, 5,7 пайызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине тиешелүү. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Жогорку Кеңештеги баяндамасында айтты.
Аталган улуттук борбордун өкүлдөрү былтыр жабык жана жарым-жартылай жабык жайларга 991 жолу барышып, 1829 адам менен маектешкен. 2018-жылы Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго 238 арыз түшкөн. Анын ичинен кыйноо фактылары боюнча 123, катаал мамиле боюнча 52, кармоонун шарттарына байланыштуу 24 жана башка арыздар 39.
Былтыр борбор кыйноо фактылары боюнча прокуратура органдарына 123 арыз жиберип, 82 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошол эле учурда 11 кылмыш иши козголгон.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын-алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын угуп жатат. (BTo)