Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөрүн эскертти.
12-сентябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Талас дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот.
12-сентябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт. (ErN)