Флорида штатына жакындап келаткан «Дориан» ураганы күчтөнүүдө. Шамалдын ылдамдыгы эпицентрде саатына 260 километрге жетти. Бул тууралуу америкалык метеорологдор маалымдашууда. Ушу тапта ураган Багам аралдарына жакындап калды. Абако аралынын жашоочуларына атайын жайларга жашынууга же жээктен алыс болууга кеңеш берилди. Флориданын чыгыш жээгине ураган болжолу менен дүйшөмбү же шейшемби күнү жетет. Айрым прогноздор шамал түндүк тарапка багыт алып, Жоржиа жана Түштүк Каролина штаттары да жабыркашы мүмкүн экенин көргөзүүдө.
Урагандын жакындашынан улам президент Доналд Трамп Польшага сапарынан баш тартты.
2018-жылы «Майкл» деген катуу ураганда АКШда 50 киши каза тапкан.