“Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда элдин суроосуна жооп берип жатып.
“Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун - мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай”, - деди мамлекет башчы.
Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде болуп жаткан окуяларга буга чейин комментарий берген эмес.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.
ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө таянып Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген. ИИМдин тергөө кызматы Атамбаевди ушул ишке күбө катары үч жолу чакырып, ал үчөөндө тең барган эмес.
Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев “Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин, ошол себептүү суракка барбай жатканын” белгилеп, ИИМге кат жөнөткөн.
Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага көө жабуу аракети катары сыпатташкан. Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө топтолуп турушат. (КЕ)