Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушу боюнча сурак берген парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус.
Ал Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан ушул дүйшөмбүдө, 29-июлда чыкканын “Азаттыкка” аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, 21 күндүк дарылануудан кийин, депутаттын абалы бир аз жакшырган.
Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган. (KE)