Кыргыз-тажик чек арасында ок жаңылып, таш тийип ооруканада жаткандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков кабарлады. Анын айтымында, учурда 16 киши ооруканада жатат. Алардын арасында чек ара, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. 27-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана райондун акими жабыркагандардан кабар алды.
"Дары-дармек жетиштүү. Жабыркагандардын абалы туруктуу, кооптонууга негиз жок".
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки саат 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары "Ак-Сай айылы" деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.
Чырда ок атылып, эки тараптан тең адамдар жабыркаган. Тажик тарап бир киши каза болгонун билдирген. (КЕ)