Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Фарух Садыркуловго кыргыз өкмөтү 50 миң сом сыйлык тапшырды.
Бүгүн 22-июнда Садыркуловду жана анын апасын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабыл алып, Москвада өткөн сынакта биринчи орунду ээлегени үчүн ыраазычылык билдирди.
«Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу жогорку деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу ийгиликке жетише турган башка жаштарыбыз үчүн үлгү жана дем болот», – деди Алтынай Өмүрбекова.
Кыргыз хореографиясынын тарыхында алгачкы жолу Садыркулов классикалык, заманбап сахналык жана элдик-сахналык хореографиянын DANCEMOSСOW эл аралык сынагында биринчи жолу ээлеген. Сынак быйыл февраль айында Москвада өткөн.
Садыркулов дүйнөдөгү эң эски бий мектептеринин бири - Агриппина Ваганова атындагы орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү. Ал бир нече эл аралык конкурстун лауреаты. (RK)