Пакистан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы күрөштөгү демилгелерин колдойт. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Имран Хан ШКУнун Бишкекте өткөн саммитинде билдирди.
- Пакистан терроризмдин бардык формаларына, анын ичинде айрым элдерге карата мамлекеттик терроризмге каршы. Биздин өлкө бул багытта күрөш жүргүзүүдө жакшы жетишкендиктерге ээ болууда. Ошол тажрыйбабыздан бөлүшүүгө даярбыз, - деди ал.
Имран Хан Түштүк Азия терроризм жана маңзат ташуу, исламофобия, жакырчылык жана сабатсыздык көйгөйлөрүнө да туш болуп жатканын кошумчалады.
Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)