Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) "жашыл алкагын" түзүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн ШКУнун Бишкекте өткөн саммитинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.
- ШКУнун "жашыл алкагын" түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Максат - өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу.
Өзбекстандын президенти ошондой эле агроинновациялык долбоорлорду колдоого, экономикалык форумдарды өткөрүп турууга, коопсуздукту кымсыздоочу чараларды көрүүгө, туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды.
Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. (BkA)