Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer
Март
2026
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 13.03.2026

Azattyk.org 

14-марттын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт

14-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тынч жыйынга чогулуу укугун коргоо акциясы алдында үч киши милицияга жеткирилди

13-март күнү Бишкектин шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы, эколог активист Бермет Бөрүбаеваны жана оператор журналист Булат Сатаркуловду кармап кетишкен. Бул тууралуу маалыматты алгач журналист Адил Турдукулов жарыялаган. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, саат 13:00гө карата алар милицияда сурак берүүдө: "Булар Биринчи май райондук администрациясында тынч митингдерди өткөрүүгө уруксат берүү талабы менен акция өткөрүшмөк. Бирок ал жакка жеткирбей эле кармап кетишти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тамакка ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн жетөө үйүнө чыкты

Бишкекте "Буффет" ашканасынын тамагына ууланып, жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн бейтаптардын жетөө сакайып, үйүнө чыгып кетти. Бул тууралуу 13-мартта аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдирди. Алиев ошондой эле оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бейтаптын да абалы жакшырганын кошумчалады: "12-март күнү аны жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага чыгардык. Абалы жакшы". Алиев кечээ ашкана тамагына ууланган дагы бир адам кайрылганын, ошону менен жалпы уулангандардын саны 21 болгонун айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик "Айыл банктын" аталышы "Абанк" болуп расмий өзгөрдү

Улуттук банктын 12-марттагы чечими менен "Айыл банк" ачык акционердик коомунун" аталышы расмий түрдө "Абанк" ачык акционердик коому" деп өзгөртүлдү. Кыскартылган варианты "Абанк" болот. Банктын аталышын өзгөртүү чечими 2-февралда "Айыл банктын" акционерлеринин жыйынында кабыл алынган. "Айыл банк" 1996-жылы Кыргызстан өкмөтүнүн финансы жана техникалык колдоосу менен "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" деген аталыш менен түзүлгөн. Максаты - айыл чарбасын өнүктүрүүчү насыяларды берүү болгон.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дарыгердин айлык акысы апрелден тартып 100% көтөрүлөрү парламентте айтылды

Дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт. "Бул үч айда бир 66 миң сомдон алышат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген жетишсиз, көйгөй болуп жаткан бир нече кесиптер бар, бул - неонатолог, педиатр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда коррупцияны ашкерелеген журналист Сергей Резник сыртынан соттолду

Ростов облустук соту иликтөөчү журналист Сергей Резникти экстремизмге жана улутчулдукту реабилитациялоого айыптап, сыртынан 10 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу Резник өзү "Кавказ.Реалии" долбооруна билдирди. Соттун маалыматына караганда, чечим 11-мартта чыкты. "Өзүм да мени кайсы түрмөгө жибергенин билбейм", - деди Резник. Журналист өлкөдөн 2019-жылы чыгып кеткен. Кылмыш иши козголгондон кийин аны камакка алуу тууралуу сыртынан сот чечими чыгып, өзүнө эл аралык издөө жарыяланган. Сергей... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Сезим" борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскуловага БУУнун эстелик белгиси тапшырылды

"Сезим" кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» деген эстелик белгисине татыды. Эстелик белгисин тапшыруу салтанаты БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан сессиясы алкагында 13-мартта тапшырылды. Бул сыйлык менен кыргызстандык аялдардын укугун коргоо кыймылынын ардагери Рыскулованын аялдардын укугун жана ар-намысын коргоо ишине арнаган көп жылдан берки эмгеги белгиленди. Рыскулова дээрлик... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Сотту тескеген куратор азыр жок". Бийлик сот реформасын качан ишке ашырат?

Президент Садыр Жапаров учурда сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирди.

Azattyk.org 

УКМК адвокат акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. Атайын кызматтын 13-марттагы маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы аныкталган. УКМК ал башта жабырлануучудан 25 миң доллар алганы такталганын билдирди. Кийин дагы 7 миң доллар талап кылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция укук коргоочу Төлөкан Исмаилованы суракка алып кетти

13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилова аны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери суракка алып баратканын билдирди. Мунун алдында ал Фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын тергөөчүсүнүн тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы тууралуу материалын жарыялаган. Анда Фейсбукта Tolekan Ismailova деген аталыштагы аккаунт социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында негативдүү реакция жараткан маалыматтарды таратып жатканы айтылат. Буга байланыштуу Tolekan Ismailova... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus