30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартты. Самат Матцаков анын бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумда мыйзам бузулганын айтты. “Биринчи май райондук соту 30-ноябрда мени 30-декабрга чейин камакка алган. Ушундан улам менин камактагы мөөнөтүм өтүп кетти. Бул маселени өзүнчө караш керек болчу. Мен адвокаттарым менен кеңешип алууга уруксат сураганыма карабай аны четке кагып койду”, - деди ал. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак-жай алгандар акчаны өз убагында төлөп турушу керектигин билдирди. Бул тууралуу президент “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты. Мамлекет башчы кирешеси чектелүү экенине карабай дароо 2-3 бөлмөлүү батир алып алгандар бар экенин билдирип, айлыгы аз, туруктуу жумушу жокторду биринчи бир бөлмөлүү батир алып турууга чакырды. Садыр Жапаровдун сөзүнө караганда, анын акчасын төлөп бүткөндөн кийин 2-3 бөлмөлүү батирге алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Читать дальше...
Израил аскерлери Газанын борбордук бөлүгүндөгү ооруканалардын бирине чабуул коюп, өрттөп салышканын Associated Press агенттиги аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгына таянып жазды. Анын алдында, 27-декабрь күнү ЦАХАЛ оорукананын ичиндеги бейтаптарды жана дарыгерлерди күчтөп эвакуациялаган. Израил армиясы оорукананы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму база катары колдонуп келгенин билдирди. 28-декабрдын таңында израил аскерлери Йемендеги хусилер аткан ракетанын мизин кайтарганын маалымдады. Читать дальше...