“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында (№21 мекеме) мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” билдирди. “Акыйкатчы институнун кызматкерлери 23-декабрда тергөө абагына кирип чыккандан кийин мага маалымат беришкен. Алар Кадырбек Досонов оор абалда жатканын, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтышты. Бүгүн он чакты тууганы №21 мекемеге барып жолугалы десе “соттон уруксат алып келгиле” деп”... Читать дальше...
Кыргызстанда 800дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 25-декабрдагы басма сөз жыйынында айтты. “Лицензияны колдон колго сатуу дагы деле токтой элек. Биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Лицензия алуунун жолдору абдан жеңилдетилген, азыр ал үчүн алты гана документ талап кылынат. Ошондуктан Мамкурулуштан эле келип, түз алган туура болот. Андан тышкары биз башка өлкөлөрдөн келип... Читать дальше...
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн сайты кабарлагандай, анда салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү жоюу, электрондук системалардын иштеши сыяктуу маселелер талкууланды. Адылбек Касымалиев ЭТТКны жоюуга жол берилбестигин айтып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева биринчи медициналык жардам көрсөткөн дарыгерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жол-жобосун карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал 25-декабрда парламенттин жыйынында маселе көтөрүп, дарыгерлер соттун чечими менен камакка алына берсе “бул тармакта иштеген адистер калбай калат” деген пикирин айтты. “Жакында бир дарыгер жубайлар камакка алынды. Бул көрүнүш абдан жаман. Биринчи медициналык жардамды карап чыгышыбыз керек. Ар бир дарыгер, айрыкча хирург... Читать дальше...
Бишкекте мыйзамсыз деп эсептелген 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев басма сөз жыйынында айтты. “Мисалга, Elite House курулуш компаниясы мыйзамсыз курулушу үчүн 2 миң чарчы метр батирлерин мамлекетке өткөрүп берди. Биз мындан улам документтерин мыйзамдаштырып бердик. Биз эмнеге мындай жол менен маселелерди чече албашыбыз керек. Албетте... Читать дальше...
Соңку күндөрү Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Исхак Масалиев парламент бул маселени былтыр кеңири талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алганын, ага карабай ыш маселеси азайбай, курчуп жатканын белгиледи. Дагы бир депутат Элдар Абакиров да ыш маселесин көтөрүп, жагылган көмүрлөрдүн сапаты боюнча иш алып барууну сунуштады. “Бишкектин тегерегиндеги айылдарда дем алуу кыйын болуп калды. Бул көмүрдүн сапатынан болушу мүмкүн деген ой келди. Кара-Кеченин... Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу тобу мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоого материалдарды даярдоо үчүн Бишкекте иштеп жатат. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында жаңы дайындалган облус жетекчисин активге тааныштыруу учурунда билдирди. Камчыбек Ташиев 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаганын, жумушчу топ кыргыз-тажик... Читать дальше...
Сириядагы козголоңчулардын лидери Ахмед аль Шараа (Абу Мухаммед Аль Жулани) шейшембиде козголоңчу топторду жоюп, аларды Коргоо министрлигинин алдына бириктирүүнү алардын лидерлери менен макулдашканын жаңы администрация билдирди. Өткөн аптада сириялык өкмөт башчы Мухаммед аль-Башир аскердик мекемени өзгөртүп, анын курамына козголоңчу топтордун жана мурдагы президент Башар Асаддын армиясынан качып кеткен аскерлерди кошуу зарылдыгын билдирген. Reuters агенттиги аль Шараанын алдында татаал тапшырма турганын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 25-декабрдагы жыйынында коомчулукта тергөө абагында жана убактылуу кармоочу жайларда кармалып тургандар сабалып жатканы боюнча сөз болуп жатканын айтты. Бул сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордон, Акыйкатчы институтунан маалымат угууну сунуштады. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялаганын, айрымдары сабалганын жазышкан. Читать дальше...