Президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматына Айбек Шаменов дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 24-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борборунун директору болуп иштеп турган. Бул кызматта 2021-жылдан бери Абдикарим Алимбаев иштеп келген. Ал 24-декабрда кызматтан алынганы белгилүү болду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүм чыгарды. Райондук соттун маалымат кызматы билдиргендей, 23-декабрда Биринчи май райондук соту Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде актаган. Адвокат Жаныш Бараков маалыматты ырастап, сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаганын, судья аны канааттандырбаганын билдирди. Гүлжан Шерипбаева 2023-жылы 18-ноябрда 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Читать дальше...
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац дүйшөмбүдө июлда ХАМАС радикал уюмунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) лидери Исмаил Ханиянын өлүмүндө израилдик аскерлердин колу бар экенин биринчи ирет ачык моюнга алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Басылма мындай билдирүү Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалган кырдаалды ого бетер курчутушу мүмкүн деп жазды. Израилдин коргоо министри кайрылуусунда: “Хусилердин террордук уюму Израилди ракеталар менен аткылап жатканда, мен аларга ачык кайрылуу жасагым келет. Читать дальше...
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен кызматташып, каржылык колдоо көрсөтүп келе жатканына сыймыктанарын билдирди. Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына 23-декабрда жарыяланган билдирүүдө журналистика тармагын да колдоого алып, фактчекинг, кыргыз тилдүү журналистиканы колдоо, мыйзам бузууларды жана коррупцияны ачкан иликтөөчү журналистиканы каржылоого багытталганы тууралуу жазылган. "Коомдун күзөтчүсү катары кызмат кылган көз карандысыз медиа каражаттары жарандардын... Читать дальше...