"Азаттыктын" казак редакциясы 1986-жылдын 17-18-декабрында Алматы шаарында Совет бийлигине талаптарын билдирүү үчүн митингге чыккан жаштардын сүрөттөрүн тартуулайт. Сүрөттөр Алматынын Борбордук мамлекеттик архивинен алынды.
Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап жатат. Атап айтканда, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков сунушталып жатканын президенттин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов билдирди. Жыйында Дастан Бекешев жаңы салыктык талаптар боюнча коомчулукта нааразылыктар да бар экенин белгилеп, бул маселени карап чыгууну сунуштады. Читать дальше...
Европа Комиссиясы TikTok платформасы Санарип кызмат көрсөтүү мыйзамын бузган болушу мүмкүн деген неигзде расмий териштирүү баштады. Euronews бул аракет Орусиянын Румыниядагы шайлоого кийлигишкени боюнча далилдерди алгандан кийин башталганын жазды. Еврокомиссия TikTok Евробиримдиктин мыйзамдарын бузуп-бузбаганын аныктоо үчүн маалыматтарды чогултат. Румынияда 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчул, орусиячыл саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүз жеңишке жеткен. Конституциялык... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бакыт Сыдыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кызматка дайындоо үчүн Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет. Маалыматты президенттин администрациясы 18-декабрда таратты. Мурдагы экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 16-декабрдагы жарлыгы менен Министрлер кабинетинин 1-орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Читать дальше...