21-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Европа биримдигинин (ЕБ) адам укуктары боюнча диалогунун 14-раунду өттү. ЕБ делегациясын Европанын тышкы аракеттер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Дитмар Крисслер мырза жетектеди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан маалыматка ылайык, диалогдо адам укуктарынын негизги багыттары камтылган. Иш-чарада кыргыз делегациясы өлкөдө бардык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле бул багытта эл аралык кызматташтыкты... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы курулуш компанияларына кошумча нарк салыгын кайрадан киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады. Анда курган батирин чарчы метрин 1000 доллардан кымбат сатпаган гана курулуш компанияларын кошумча нарк салыгынан (НДС) бошотуу каралган. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 1-радиого курган маегинде билдирди. Ал курулуш компаниялары кошумча нарк салыгынан батирлердин баасын арзандатсын деген максатта бошотулганын, бирок иш жүзүндө андай болбогондуктан, кошумча... Читать дальше...
Иранды сындаган резолюция кабыл алынгандан кийин Ислам Республикасы жооп катары заманбап центрифугаларды орнотуп, ишке киргизүү ниетин жарыялады. Бул кадам Ирандын байытылган уран өндүрүшүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. 35 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган МАГАТЭнин башкаруучу кеңеши бейшемби күнү резолюция кабыл алып, Иранды эл аралык агенттик менен кызматташууну жакшыртууга жана жазга чейин өзөктүк программасы боюнча толук маалымат берүүгө милдеттендирген. Резолюциянын тексти Батыш державалары тарабынан сунушталган. Читать дальше...
Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектеги Asia Mall соода борборуна унаа токтотуучу жайга мыйзамсыз соода түйүндөрүн курууга тыюу салып, унаа токтотмону тазалоону буйруду. Аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев "Кактус" басылмасына билдиргендей, соода борборуна унаа токтотуучу жайды курулуштардан тазалоого беш күн убакыт берилген. "Биздин агенттиктин атынан соода борборуна беш күн ичинде унаа токтотуучу жайды түрдүү курулуштардан тазалап, мурдагы... Читать дальше...
Бүгүн, 22-ноябрда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аэропортто Ош-Стамбул, Ош-Екатеринбург, Ош-Домодедово, Ош-Шереметьево, Ош-Жуковский, Ош- Внуково, Ош- Эль-Кувейт, Ош-Жидда жана Ош-Бишкек каттамдары кармалууда. Ошондой эле Бишкек-Ош каттамы кечиккендиктен "Асман Эйрлайнс" компаниясынын Таласка каттамы кармалып жатат. Синоптиктер 22-ноябрда өлкөнун айрым аймактарында жаан... Читать дальше...
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан кат алганы тууралуу маалыматы талкуу жаратты. Анын чоо-жайын күч түзүмдөрүнөн турган тергөө тобу иликтей баштады.