Ливиянын Триполи шаарына Халиф Хафтар башында турган улуттук күчтөрдүн аскерлери киргенден бери 121 адам өлүп, дагы 561 адам жараат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянып, батыштагы маалымат каражаттары жазып чыгышты. Уюм Триполиге кошумча кызматкерлер менен дары-дармектер жиберилип жатканын маалымдады.
Бириккен Улуттар Уюму Триполидеги согуштан 13,5 миңден ашуун адам качкынга айланганын кабарлады.
Өткөн жумада Ливиянын Халиф Хафтар жетектеген армиясы өкмөт отурган Триполи шаарын алуу үчүн чабуулдарын баштаган. Анын кесепетинен ондогон адам өлүп, түмөндөгөн адамдар шаарды таштай качты. Хафтар эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу тууралуу чакырыктарына көнгөн жок.
2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.