Апрель айынын ортосунда президент Сооронбай Жээнбеков Германияга биринчи жолу расмий сапар менен барат. Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форумга катышат.
Мамлекет башчы ошондой эле апрель айынын аягында Кытайга иш сапар менен барат. "Бир алкак, бир жол" долбоорунун алкагындагы иш-чарага, багбанчылык боюнча "Экспо-2019" көргөзмөсүнө катышат.
Бул тууралуу 11-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев журналисттерге билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 18-апрелде Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен Ооганстандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббани келет. (AlS)