Быйыл жетинчи жыл уюштурулуп жаткан Билим фестивалы “Кыргызстандагы санарип муун: билим берүүдө маалыматтык-коммуникациялык технология, IT билим берүү” деген ураандын алдында өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду тараткан маалыматта айтылат.
Фестиваль Бишкекте 13-апрелде жана 4-майда өтүп, катышуучулар Борбор Азиядагы Америка университети менен таанышып, жаңы заманбап технологияларды билим берүүдө колдонуу, инновация боюнча мастер-класстарга катыша алат.
Экинчи күнкүсү шаардын борборунда, Курманжан датка эстелиги тарапта уюштурулат.
Фестивалдын алкагында көргөзмө, интерактивдүү оюндар, илимий шоу, илимий-агартуучу тасмаларды көрсөтүү сыяктуу жалпысынан 200дөй иш-чара өтөрү белгиленген.
“Билим фестивалы” 2013-жылдан бери өтүп келатат. (КЕ)