«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаары жана Чүй облусунун трассаларына 70тен ашуун аппараттык комплекс орнотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.
Ал 2-фазада коюлган камералардын иштебей турган себебин түшүндүрдү.
- Процедура боюнча биз өткөрүп алуу актысын жасашыбыз керек. Бул боюнча комиссия чогулган, эки күн кыдырып кабыл алышат. Ошондон кийин маалыматтарды берүүгө жол берилет. Техникалык маселелердин баары бүткөн. Долбоорду ишке ашыруу график боюнча жүрүп жатат. 3-4-фазалардыкы 30-апрелге чейин монтаждары бүтөт.
"Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду «Вега» концерни ишке ашырып жатат.
Долбоор ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 44,4% азайганын ички иштер мнистри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирген. (КЕ)