Президент Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатат.
Мамлекет башчысы "Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда" деп билдирди.
Ал "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Баса белгилеп айтып кетейин, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт" деп айтты.
Ошону менен катар президент "Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат" деди.
Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышууда. (EBM)