Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, 4-апрелде экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирди:
- Чектөөлөр мыйзамсыз. Алар Конституцияга каршы келет. Берки курултайды уюштургандардан "Негизги максатыңар кандай?" деп сураган турбайсыңарбы. Негизги максаты - Атамбаевди каматуу. Ал партиянын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турат. Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен эл алдында, Кудай алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөш эмес, саткындар сатпагандар менен күрөшүп жатат. Убагында бир акыныбыз эки сап ыр жазган: "Саткандардын арасында болбой, атылгандардын арасында бол" деп. Биз саткандарга кошулбайбыз, атылгандардын арасында болобуз, - деди Атамбаев.
Экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоору 4-апрелде Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болду.
Добуш берген депутаттардын 111и «макул», ал эми үчөө «каршы» деп добуш беришти. Эми документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (KR)