«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам 70 күндөн бери жашап жатат. Арлендин аялы, эки баласы Норвегияда жашайт. Аны 2016-жылы Кыргызстанга депортациялашкан. Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Документтери так болбогону үчүн Кыргызстанга да кире албай отурат.